Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Блинкен Путинди дипломатиялык жолду тандоого чакырды


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. 19-январь, 2022-жыл. Киев.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. 19-январь, 2022-жыл. Киев.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусиянын президенти Владимир Путинди «дипломатиялык жана тынч жолду» тандоого чакырды. Мындай билдирүүнү америкалык дипломат Украинага барганда 19-январда жасады. Батыш менен Киев Орусия Украинага кол салышы мүмкүн деп кооптонуп келет. Москва Украина аскердик альянска мүчө болбошу керек деген шартын коюп жатат.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 19-январда украин президенти Владимир Зеленский менен жолукту. Ага чейин АКШнын Киевдеги элчилигинде болгон.

"Биз Орусиянын эки гана жолу бар экенин кыйытууга аракет кылдык. Бардык келишпестиктерди диполматия жана диалог аркылуу чечсе болот. Бул албетте эң туура жана жоопкерчиликтүү кадам. Биз ушундай жол менен чечилишине артыкчылык беребиз. Эгер Орусия агрессиясын жандантып, конфронтацияны күчөтө турган болсо дагы бир жол бар"-деди Блинкен элчиликтин кызматкерлери менен жолуккандан кийин. Мамкатчы эгер Орусия Украинага каршы агрессиясын жандантса кесепети оор болорун дагы бир ирет эскертти.

Украина президенти Владимир Зеленский менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. 19-январь, 2022-жыл.
Украина президенти Владимир Зеленский менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. 19-январь, 2022-жыл.

АКШ президенти Жо Байден администрациясы өткөн айда Киевге коопсуздук жаатындагы кошумча жардам катары 200 миллион доллар берүүнү жактырып, «Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин» колдорун билдирген. Бул тууралуу билдирген жогорку даражалуу аткаминер ысымын ачык жарыялоону каалаган эмес.

Блинкен менен жолугуп жатып Зеленский Украинага «ушундай оор кырдаалда» жардамды көбөйткөнү үчүн Вашингтонго ыраазычылык билдирди. Буга жооп кылып Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Батышты Украинаны курал менен жабдууну токтотууга чакырды.

Блинкен Украинадан кийин Берлинге жол тартты. Ал жактан 20-январда Британия, Франция жана Германиянын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мамдепартаменттин расмий өкүлү Нед Прайстын айтымында, жолугушуулар «Украинагы каршы орус агрессиясын ооздуктоо боюнча биргелешкен аракеттерге, анын ичинде Орусияга олуттуу экономикалык санкцияларды салууга өнөктөштөрдүн даярдыгын» талкуулоого багытталган.

Андан кийин Женевада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугат.

Лавров менен Блинкен 18-январда телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Москва 2014-жылдын мартында Украинага караштуу Крым жарым аралын басып алып, ошондон бери өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилдерге колдоо көрсөтүп келет. Киев менен Донбасстагы жикчилердин ортосундагы куралдуу кагылышуулар 13 200 адамдын өмүрүн алды.

Орусия: "Украина НАТОго кирбеши керек"

Москва Украинага кол салуу пландарын четке кагып, Киевди альянска кошууну көздөп жатат деп НАТОну айыптоодо.

Өткөн аптада орус дипломаттар АКШ, НАТО жана Евробиримдиктин жогорку даражадагы өкүлдөрү менен жолугушуп Москва сунуштаган «коопсуздук кепилдиктери» тууралуу документти талкуулашкан. Сүйлөшүүлөрдөн эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Ошондой эле батыш аткаминерлерин Москванын аскердик риторикасы чочулаткан.

Москванын талаптарына ылайык, НАТО чыгышка карай кеңейбеши керек, Орусиянын чек арасына жакын аймактарда ракеталарды жайгаштырбоого тийиш жана НАТО 1997-жылкы чек арасынан сырткары аймактарда эч кандай машыгууларды, чалгын операцияларын өткөрбөшү керек.

19-январда Рябков Батыш Орусиянын талаптарына көнбөсө эч кандай натыйжалуу сүйлөшүүлөрдүн болушу мүмкүн эмес экенин билдирди.

«Украина жана бир кезде Советтер Союзунун курамына кирген мамлекеттер НАТОго кирбейт деген айныксыз, юридикалык жактан бекитилген кепилдиктер маанилүү», -деди Рябков.

Вашингтондо Орусия Беларус аркылуу кол салышы мүмкүн деген чочулоо курчуп жатат. Анткени Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко элдик толкундоолордун кийин бийлигин Путиндин жардамы менен сактап калуу үчүн болгон аракетин көрүп келет.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба телефон аркылуу Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел менен сүйлөшкөнүн 19-январда билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG