Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Вашингтон менен Москванын сүйлөшүүсү аяктады


АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Венди Шерман жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Рябков. Женева, 2022-жылдын 10-январы.

Женевада АКШ менен Орусиянын бийлик өкүлдөрүнүн Украинадагы кырдаал боюнча сүйлөшүүсү аяктады. Вашингтон орус аскерлеринин украин жергесине жакын жайгашышына кабатыр болуп келсе, Москва мурдагы советтик өлкөлөрдү НАТОго мүчө кылуудан баш тартууну талап кылууда.

Украина менен чек арага жакын жерде Орусиянын жүз миңдей аскери топтолгону маалым. Бул чыңалуу былтыр күздөн бери уланууда.

Орун басарлардын деңгээлиндеги сүйлөшүү

“Европа коопсуздугу” же “коопсуздук кепилдиги” темасы талкууланат деп белгиленген сүйлөшүүгө Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын орун басары Венди Шерман жана Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков келди.

Шерманды АКШнын Бириккен штабынын ыкчам башкармалыгынын башчысы Жеймс Мингус коштоп барса, Рябковду Орусиянын коргоо министринин орун басары Александр Фомин жандап жүрдү.

Тараптар 9-январда кечки тамак үстүндө баарлашып, 10-январда бетме-бет сүйлөштү. Венди Шермандын айтымында, сегиз саатка созулган эки тараптуу сүйлөшүү "олуттуу" жана "кесипкөй маанайда" өттү.

Шерман АКШ жолугушууга бир нече сунуш менен келгенин айтып, анын ичинде ракеталарды жайгаштыруу жана аскердик машыгууларды чектөө да бар экенин кошумчалады. Ал ошондой эле америкалык аскерлердин санын кыскартуу маселеси эки тараптуу жолугушуунун күн тартибине чыгарылбаганын билдирди.

Мунун алдында АКШнын Мамлекеттик департаменти тараткан маалыматка ылайык, эки дипломат баштаган делегациялар жолугушууларда коопсуздук темаларын сүйлөштү.

“Мамлекеттик катчынын орун басары Кошмо Штаттар суверенитеттин эл аралык принциптерин, аймактык бүтүндүктү жана көз карандысыз мамлекеттердин өзү каалаган уюмдарды тандоо эркиндигин жактай турганын белгиледи”,-деп айтылат ал билдирүүдө.

Демек, Венди Шерман иш жүзүндө Украинанын НАТОго кирүү каалоосу жөнүндө кеп кылып жатат. Ал өз сөзүндө ошондой эле сүйлөшүүлөр дипломатиянын негизинде гана өрүш алыш керектигин айтып өткөн.

АКШ менен Орусиянын желектери.
АКШ менен Орусиянын желектери.

Сүйлөшүүлөрдүн алдында Рябков Орусиянын үч негизги талабын билдирди. Булар: НАТО чыгышка карай кеңейбеши керек, Орусиянын чек арасына жакын аймактарда ракеталарды жайгаштырбоого тийиш жана НАТО 1997-жылкы чек арасынан сырткары аймактарда эч кандай машыгууларды, чалгын операцияларын өткөрбөшү керек.

9-январда чай үстүндөгү баарлашуудан кийин Сергей Рябков журналисттерге кыска гана маалымат берди.

“Жолугушуу абдан жакшы өттү. Биз алдыда турган жумуштардын маңызына кире алдык. Бирок, сүйлөшүүлөр абдан татаал. Ал жеңил болбойт. Ошентсе да иштиктүү кетип жатат. Менимче, эртең биздин убактыбыз текке кетпейт”,-деген ал.

АКШ Мамдепартаментинин билдирүүсүндө айтылгандай, алардын расмийлери Орусиянын айрым талаптарын ишке ашыруу мүмкүн эмес экенин, ал эми кээ бирлери боюнча сүйлөшсө болорун билдиришкен. Ошентип, калган маселелер алдыңкы жолугушууларда чечилчүдөй.

Женевадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин 12-январда Брюсселде Орусия-НАТО кеңешинин жыйыны өтөт. Андан соң 13-январда Европа кызматташтык жана коопсуздук уюмунун (ЕККУ) алкагында Венада көп тараптуу жолугушуулар болору күтүлүп жатат.

Украинанын тегерегиндеги талаш

Түндүк атлантикалык аскердик альянска (НАТО, ) АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30дай мамлекет мүчө.

Ага Украинанын толук кандуу мүчө болуу процесси 2005-жылдары башталган. Бирок, 2006-жылы өкмөт башына келген Виктор Янукович Киев уюмга кирүүгө даяр эмес экенин билдирип, аны кечеңдеткен. 2010-жылы Янукович президент болуп келгенден кийин бул маселе таптакыр артка жылган.

2014-жылы Орусия Украинага караштуу Крым жарым аралын аннексиялап алган соң интеграция маселеси кыйла тездеди. НАТОнун 2021-жылдын июнь айындагы Брюсселдеги саммитинде Украинаны уюмга кошуу боюнча 2008-жылдагы чечимди бекитип, бирок мүчөлүккө кирүү боюнча иш-аракеттер планын кабыл албай койгон.

Ушундан көп өтпөй 2021-жылдын күз айларында Батыштын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары чалгын маалыматтарына таянуу менен Украинанын чек арасына жакын Орусиянын аскерлери топтолгонун жазышкан. АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыпташкан.

Орусия АКШ менен НАТОдон коопсуздук кепилдигин талап кылып, Украина менен чек арага жакын жерде 100 миңдей аскерин топтогонун билдирген. Москва НАТОдон Украинага жана башка мурдагы советтик өлкөлөрдү уюмга мүчө кылуудан баш тартууну жана Чыгыш Европага аскер күчтөрүн жайгаштырууну токтотууну талап кылып келет.

Чыңалуу уланып олтуруп, 30-декабрдын кечинде АКШнын президенти Жо Байден менен Орусиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Орусинын президенти Владимир Путин, АКШнын президенти Жо Байден жана Украинанын президенти Владимир Зеленский. Коллаж.
Орусинын президенти Владимир Путин, АКШнын президенти Жо Байден жана Украинанын президенти Владимир Зеленский. Коллаж.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки билдирүү жасап, Жо Байден орус президенти Владимир Путинди Украинанын айланасындагы чыңалган кырдаалды жөнгө салууга чакырганын билдирген. Президент Байден АКШнын шериктештери жана өнөктөштөрү менен “Украинага каршы мындан аркы агрессияга чечкиндүү жооп берерин” ачык айтканы белгилүү болду.

Ошол эле учурда эки президент дипломатиялык аракеттерди жандантууну макулдашкан. Башкача айтканда, ушул эле Женевадагы жана жогоруда айтылгандай Брюссел менен Венадагы сүйлөшүүлөрдүн темалары учкай макулдашылган.

АКШ администрациясынын атын атабаган расмий өкүлү Байден Путинге эки өлкөнүн алдында эки жол бар экенин айтканын билдирди. Алардын бири дипломатия же Орусияны санкциялар аркылуу ооздуктоо. АКШ президенти Жо Байден эгер Орусия Украинага басып кирсе, Орусияга каршы олуттуу экономикалык зыян келтире турган санкцияларды киргизүүгө даяр экенин белгилеген.

Президенттердин ал сүйлөшүүсү Москванын демилгеси менен өткөн. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргендей, телефон аркылуу сүйлөшүүдө тараптар маанилүү жолугушуунун алдында өз позицияларын тактап алышы керек эле. Бул Путин менен Байдендин декабрь айындагы экинчи сүйлөшүүсү. Мурдагы сүйлөшүү Вашингтондун демилгеси менен видеобайланыш аркылуу өткөн.

Үчүнчү тараптын “таарынычы”

Москва менен Кремл бул темада диалогун улантып жаткан кезде НАТО уюмундагы АКШнын башка өнөктөштөрү, анын ичинде Еврокомиссия да маселе боюнча өз талаптарын жаңырткан.

7-январда Париждеги басма сөз жыйынында Еврокомиссиянын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен Украинанын тегерегиндеги кырдаалды жөнгө салуу чечимин АКШ менен Орусия Европа Биримдигинин катышуусу жок кабыл албашы керектигин билдирген. Фон дер Ляйен Брюссел Киевге 6,5 млрд. доллардан ашык суммада жардам бергенин жана орус газы Европага Украина аркылуу өткөндүктөн бул өлкөдөгү тынчтыкка кызыкдар экенин белгилеген.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон бул күнкү бирдиктүү билдирүүдө Вашингтон менен Москванын сүйлөшүүлөрүн позитивдүү баалоого болорун кошумчалады. Макрон ошондой эле Брюсселди Москва менен түздөн түз сүйлөшүү жүргүзүүгө чакырды. “Сүйлөшүүгө баруу бул кандайдыр бир кызмат көрсөттү”, - дегенди түшүндүрбөйт деди француз президенти.

Мурдараак Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив ле Дриан Кремл Украинадагы кырдаалды талкуулоодо "Евробиримдикти четтеткиси келип жатат" деп айыптаган.

Ле Дриан андан ары Москванын Киевге ыктымал агрессиясы “Түндүк агым – 2” газ кууру боюнча келишимди кайра карап чыгууга түрткү болушу мүмкүндүгүн айткан.

АКШнын Мамлекеттик департаменти соңку билдирүүлөрүндө Вашингтон Москва менен “эки тараптуу маселелерди гана талкуулай турганын, Европанын коопсуздугуна байланыштуу темалар европалык өнөктөштөр менен чогуу караларын” маалымдады.

Мурдараак мамлекеттик катчы Энтони Блинкен орус-украин чек арасындагы аскерлер “Украинанын башына такалган мылтыктай болуп” турган учурда сүйлөшүүлөрдүн алга жылышы кыйын экенин да кошумчалаган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG