Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:01

АКШ союздаштары менен "олуттуу сүйлөшүүгө" даярданууда


Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок менен АКШ мамкатчысы Энтони Блинкендин жолугушуусу. 5-январь, 2022-жыл. Вашингтон.
Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок менен АКШ мамкатчысы Энтони Блинкендин жолугушуусу. 5-январь, 2022-жыл. Вашингтон.

АКШ менен Европа Орусия Украинанын чек арасында аскердик кубатын күчөтүшүнө байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн алдында бирдиктүү жана кебелбес турумун ырасташты.

АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен 5-январда Вашингтондо Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок менен жолугуп, алдыда күтүлгөн Орусия менен болчу сүйлөшүүлөрдүн өзөгү менен позицияларды талкуулады.

АКШ менен Германия позицияларын такташты

Энтони Блинкен менен Анналена Бербок эки тараптуу жолугушууда Украинага жакын жерде орусиялык аскер күчтөрүн көбөйтүүгө байланыштуу түзүлгөн чыңалууну дипломатиялык жол менен жөнгө салууга артыкчылык берүүнү баса белгилешти. Энтони Блинкен алдыдагы сүйлөшүүлөр Орусиянын дипломатиялык жол менен маселе чечүүгө даярдыгын көргөзөрүн айтты:

Энтони Билнкен, АКШнын мамкатчысы.
Энтони Билнкен, АКШнын мамкатчысы.

“Эгерде Орусия баары бир абалды курчуткусу келсе, анда биз ага ыкчам жооп кайтарабыз. АКШ, Германия, НАТО менен Чоң жетиге кирген биздин бардык союздаштар жана өнөктөштөр биригип, эгерде Орусия Украинага кол сала турган болсо, анда ал оор кесепеттерге дуушар болорун абдан так жана ачык түшүндүрүштү”, - деди АКШ мамкатчысы Блинкен.

Ал эми Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок Орусия менен жамааттык Батыш өз ара диалог түзүп, маселени чечүү жолдорун издеп, келишимге келүү жөндөмүн көрсөтүшү Европадагы коопсуздукту камсыздоодо маанилүү экенин белгиледи. Бербок башкысы бул сүйлөшүүлөр коопсуздукту камсыздоодогу Европалык тилектештикти сынай турганын айтты:

“Европа менен АКШнын жалпы позициясы эки тараптуу жана көп жактуу форумдарда бир нече жолу ачык айтылган. Биз бул позицияны дагы бир жолу бышыктадык. Биз Орусиянын соңку иш-аракеттерине ачык баа берип, Украинанын эгемендиги менен бүтүндүгүн бузуу оор кесепеттерге алып келерин дагы бир жолу ырастадык”, - деди Бербок.

Вашингтондогу бул жолугушуу жакында Женевада жана Брюсселде өтчү орус-америкалык түз сүйлөшүүлөр менен НАТО-Орусия кеңешинин жыйынынын алдында болду.

Вашингтондун Москва менен мунаса табуу үмүтү

Байден менен Путин 30-декабрда телефон аркылуу сүйлөшкөндө Украинадагы чыңалуудан улам жыл башында дипломатиялык алаканы жандантууну макулдашкан.

Ошондой эле, Жо Байден Владимир Путин менен 10-январда Женевада өтчү АКШ-Орусия сүйлөшүүлөрү, 12-январда Брюсселде болчу НАТО-Орусия кеңешинин жыйыны жана 13-январдагы ЕККУ отурумунун күн тартибин карап чыгып, талкуулап кайрадан такташканы белгиленген.

Москва бул сүйлөшүүлөрдө НАТОнун чыгышка карай кеңейишин токтотуу жана Украина менен Грузия - мурдагы советтик республикаларды уюмга кабыл алуудан баш тартууга байланыштуу коопсуздук кепилдигин кароону көздөйт.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки Вашингтон алдыдагы сүйлөшүүлөрдө Москва менен тил табышарына үмүт арта турганын билдирди:

АКШ . Жен Псаки, Ак үйдүн басма сөз катчысы Вашингтондогу Ак үйдө күнүмдүк брифингде.
АКШ . Жен Псаки, Ак үйдүн басма сөз катчысы Вашингтондогу Ак үйдө күнүмдүк брифингде.

“Орусия биздин позициялар менен жакшы тааныш. Ал бир кезде макулдашылган европалык коопсуздуктун фундаменталдык принциптерине негизделген. Анда чек араларды күч менен өзгөртүүгө болбостугу жана ар бир өлкөнүн байланыштарын аныктоодо суверендүү укукка ээ экени камтылган. Биз азыр кийинки жумадагы сүйлөшүүлөр кандай жыйынтыкка алып келерин билбейбиз. Бирок биз талкууларга прагматикалык мамиле кылабыз. Москва менен бир жыйынтыкка жетишүүнү илгерилетүү боюнча чекиттер табылат деп ишенебиз. Эгер алар сүйлөшүүгө даяр болуп келсе, анда алдыга жылыш болот. Бул дипломатиянын табияты экени талашсыз”, - деди Жен Псаки.

Орусия былтыр жазда жана күздөн бери Украинанын чек арасын бойлой аскер кубатын күчөтүп баштаганда Киев менен Батыш өлкөлөрү Москва кол салууга даярданып жатат деген доомат койгон. Кремл мындай дооматты четке кагып, кайра Киевди, Евробиримдикти жана АКШны айыптаган.

Блинкен Орусия дипломатияга жана деэскалацияга олуттуу карайбы деген “чыныгы суроо” бар экенин айтты. Ал ошондой эле Германия менен АКШ “Орусиянын Украинага карата аракеттерин Европадагы тынчтыкка шек келтирчү чакырык катары көрө турганын белгиледи.

ине баа берүүдө жана Украинанын бүтүндүгүн колдоодо бирдиктүү позицияда экенин белгилешти. Буга чейин Батыш Орусия Украинага кол салса аны катаал санкциялар күтөрүн эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG