Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:23

Байден-Зеленский: тынчтыкка жетүү машакаты


Владимир Зеленский жана Жо Байден. Вашингтон. Сентябрь, 2021-жыл.
Владимир Зеленский жана Жо Байден. Вашингтон. Сентябрь, 2021-жыл.

Байден менен Зеленский Украинадагы соңку кырдаалга байланыштуу өткөн үч аптада эки ирет телефон аркылуу сүйлөштү.

Тараптар акыркы байланыш учурунда Орусия менен мамилени жөнгө салуу боюнча алдыдагы дипломатиялык сүйлөшүүлөргө даярдыкты талкуулады. Жо Байден алдыда күтүлгөн АКШ-Орусия сүйлөшүүлөрүндө Киевдин кызыкчылыгы эске алынарын билдирген.

Тиреш. Тынчтыкка жетишүү. Киевдин кооптонуусу.

Эки лидердин 2-январдагы байланышында 10-январга белгиленген Женевадагы америка-орус сүйлөшүүлөрүнүн күн тартиби талкууланды.

Вашингтон тирешти тынч жол менен мунаса таап, чечүүгө ынтызар экенин, ошол эле кезде Киевдин кызыкчылыгын эске алуу маанилүү экенин жарыялаган.

“Байден АКШ Украинанын эгемендиги менен аймактык бүтүндүгүн колдоорун дагы бир жолу ырастады", - деп билдирди Ак үйдүн расмий өкүлү.

Жо Байден менен Владимир Зеленскийдин кезектеги сүйлөшүүсү 30-декабрдагы Владимир Путин телефон байланышынан кийин болду.

Эки лидер ушуну менен соңку үч аптада экинчи ирет телефон аркылуу сүйлөштү.

Ак үй НАТОну тынчсыздандырган Европадагы аскердик коркунучту жоюуга аракет кылса, ал эми Киев Орусиянын Украинага басып кирүүсүнөн кооптонууда.

Украинанын президенти Владимир Зеленский. 31-декабрь, 2021-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский. 31-декабрь, 2021-жыл.

«Бизди чек аранын аркы жагындагы бир дагы армия коркута албайт. Анткени өзгөчө армиябыз бизди коргойт. Мен бүгүн украин куралдуу күчтөрү Украинанын тарыхындагы эң чоң бюджетке ээ болгонуна кубанычтамын», - деди Владимир Зеленский 31-декабрдагы өзүнүн жаңы жылдык кайрылуусунда.

Ал өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилдер менен согушту токтотуу анын өкмөтүнүн "башкы максаты" экенин билдирди. Ошол эле кезде Крым жарым аралы бир кезде кайрадан Киевдин көзөмөлүнө өтөрүн кошумчалады.

Байден 31-декабрда Путин менен телефондо сүйлөшкөндүн эртеси, Орусиянын Украинага каршы жаңы агрессиясы оор кесепеттерге алып келерин ага түз айтканын кайталап, басып алуу аракетинин баасы абдан кымбатка түшөрүн эскерткен.

"Урпактар унутпай турган катачылыкка жол бербейли"

Ошол эле кезде Москва ага карата дооматтарды четке кагып, кокус куралдуу кагылыш болуп кетсе, Батыш жоопкерчилик аларын белгилейт.

Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков анда бул нерсе мамилени толук бузууга алып келиши мүмкүн деген жооп кайтарды:

Орусиянын президенти Владимир Путин (сол) жана анын жардамчысы Юрий Ушаков. Санкт-Петербургдагы жыйында. 20-декабрь, 2019-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин (сол) жана анын жардамчысы Юрий Ушаков. Санкт-Петербургдагы жыйында. 20-декабрь, 2019-жыл.

«Байден айтып өткөндөй, эгер Украинанын чек арасында кырдаал курчуй берсе, Батыш өлкөлөрү масштабдуу экономикалык, каржылык жана аскердик тармактар боюнча санкцияларды киргизсе, анда бул чын эле абдан оор кесепеттерге алып келе турган чоң катачылык болорун билебиз. Биздин президент дагы муну биздин урпактар олуттуу катачылык деп эсептей турган чоң кемчилик болорун белгиледи», - дейт Орусия президентинин жардамчысы.

Путин менен АКШнын лидери Жо Байден 30-декабрда телефондо 50 мүнөттөй сүйлөшкөнү айтылып, бирок анын мазмуну толук жарыяланган эмес.

Жогорку деңгээлдеги эки жана көп тараптуу сүйлөшүүлөр

Байден менен Путин Украинадагы чыңалуудан улам жыл башында дипломатиялык алаканы жанданттууну макулдашканы айтылды. Ошондой эле Жо Байден Владимир Путин менен 10-январда Женевада өтчү АКШ-Орусия сүйлөшүүлөрү, 12-январда Брюсселде болчу НАТО-Орусия кеңешинин жыйыны жана 13-январдагы ЕККУ отурумунун күн тартибин кайрадан такташканы белгиленген.

НАТОнун чалгын кызматтары быйыл ноябрда Орусияны жаңы жылдан соң Украинага каршы ири чабуулга даярданып жатышы мүмкүн деген жыйынтыкка келген. Мындай шектенүүгө Орусия Украинага жакын чек арасына 100 миңдей аскерин топтогону негиз берген. Бирок Кремл басып алуу планы жоктугун айтып, коюлган дооматты кескин четке каккан.

Москва НАТОдон анын чыгышка карай кеңейишин, токтотуп, Украина менен Грузия сыяктуу мурдагы советтик республикаларды ага мүчөлүккө кабыл алуудан баш тартуу үчүн коопсуздук кепилдигин талап кылууда.

Женевада 10-январда Орусия - АКШ түз сүйлөшүүлөрүндө Украинага жакын жерде орус аскерлеринин топтолушу жана Москванын НАТОдон коопсуздук кепилдигин алуу талабы боюнча тараптар чыңалууну жөнгө салуу жолдорун издей турганы кабарланган.

12-январда Брюсселде маселелерди көп тараптуу талкуулоо үчүн Орусия-НАТО кеңешинин 2019-жылдан бери токтоп калган кезектеги жыйыны өтөт.

13-январда Орусия менен Украина экөө тең мүчө болгон жана АКШ менен анын Батыштагы өнөктөштөрү кирген ЕККУ уюму Европада тынчтыкты сактоо жана коопсуздукту камсыздоо чараларын талкуулайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG