Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Орус жарандыгына азгырган "оюн"


Орусиянын паспорту.

Орусиянын президенти Владимир Путин жарандыкты жеңил тартипте алуу жана андан ажыратуу шарттарын сунуштады.

Анда мурдагы орус империясында, СССРде жашагандарга, алардын жакын урпактарына жана Орусиядагы башка чет элдиктерге жөнөкөй шарт менен жарандык берүү сунушу камтылган. Бул кадам эл аралык чөйрөдө Орусиянын өз таасирин күчөтүү жана демографиялык коопсуздукту чыңдоо аракети катары бааланууда.

Орус империясынын букараларына жана СССР жарандарына Путинден жаңы жылдык "белек"

Путин Мамлекеттик Думанын кароосуна "Орусиянын жарандыгы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү жолдоду. Анда 20 категория боюнча паспортту жеңилдетилген шарттар менен берүүнүн жол-жобосу жазылган. Ага орус империясынын букаралары, СССРдин жарандары жана алардын урпактары, жакын туугандары, Орусияда туруктуу жашаган чет элдиктер кирет.

Мыйзамда ошондой эле орусиялык жаран менен никеге тургандарга, ортодо бир бала болгон шартта гана жөнөкөй тартипте жарандык берүү ченеми да бар.

Орус паспортторун таратуу аракети

Москва буга чейин Украинанын чыгышындагы жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактардын 500 миңден ашуун тургунуна орус паспортторун таратканы белгилүү. Украиналык саясий эксперт Олег Саакян мунун артында Украинаны бөлүп-жаруу жана орусиялык таасирди арттыруу саясаты турганын айтты:

«Бул жергиликтүү калк арасында Украинадан бөлүнүү сезимин жаратуу амалы. Ошондой эле, бул келечектин көрүнүшүн алмаштыруу үчүн жасалган символикалык кадам. Андагы активдүү азчылык - Орусияны чындап жактагандар жок дегенде Крым сценарийин күтүшкөн. Андай болгон жок. Согуш, кыйроо, заводдорду талап-тоноо жүрдү. Ошондуктан, жок эле дегенде, келечекке үмүт берүү үчүн паспорттор таратыла баштады. Демек, ушундай жол менен ажырымды тереңдетүү керек болду. Экинчи жагынан, албетте, бул андагы бүдөмүк болуп келген орус жарандарынын маселесин чечүү», - дейт укринаналык саясат таануучу Олег Саакян.

Империянын чек араларын мелжеген саясат

Орусиянын жарандыгын жеңилдетилген шарт менен алуучулар орус империясынын букаралары менен СССРдин жарандары жана алардын урпактары дегенде Чыгыш Европадагы Украина, Польша, Беларус, Молдова, Финляндия, Кавказ жана Борбор Азия аймактарын байырлаган элдер жөнүндө сөз болуп жатканы белгилүү.

Бул чөлкөмдөгү Армения, Азербайжан, Грузия сыяктуу өлкөлөр, Дагестан, Ингушетия жана Чеченстан аймагын байырлаган Кавказдагы элдерди, Борбор Азиядагы азыркы Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын аймактарын Падышалык Орусия 18-19-кылымдар аралыгында толук өзүнө каратып алган.

Бул чөлкөмдөрдөгү монгол-татар чапкынынан жана Осмон түрктөрүнүн басып алуусунан кийин толук эркин же жарым-жартылай көз каранды абалдагы мамлекеттердин көбү эгемендигин жоготуп, орус империясынын курамына киргизилген.

Азыр да Кавказ менен Борбор Азиядан Орусияга миграция күч экенин эске алганда, орус жарандыгын жеңил шарт менен берүү аталган аймактарга жана алардын жашоочуларына орусиялык таасирди күчөтөрү айкын.

Орус жарандыгын кабыл алган кыргыздар

Орусияда орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын агымы 2005-жылдан кийин күчөгөн. Анткени Орусиянын аймагында соода кылууга, ишкердик жүргүзүүгө же ал жакта туруктуу иштөө үчүн орус жарандыгы талап кылынган мыйзам чыккан болчу.

Буга байланыштуу көптөгөн кыргыз жарандары жарандыгынан баш тартпай туруп, Орусиянын паспортун алган учурлар көбөйгөн. Алардын бир кыйласы орус жергесинде туруктуу жашап, иштеп, билим алып, отурукташууга жетишсе, айрымдары Кыргызстанга көчүп келип, кайра орус жарандыгынан баш тарткан өнөкөт да пайда болгон.

Орусиянын жарандыгын алгандардын арасында "Бирдиктүү Орусия" башкаруучу партиясынын партиялык тизмеси менен парламенттик шайлоого катышкан Кубанычбек Кожоев да бар.

Азыр Москвадагы "Кыргыз конгресси" коомдук уюмун жетектеген Кожоев Орусияда мигранттар гана эмес, орус жарандыгын алган кыргызстандыктар да көбөйүп жатканын "Азаттык" раидосуна айткан жайы бар:

Кубанычбек Кожоев. Орусиянын жараны. "Кыргыз Конгрессинин" президенти.
Кубанычбек Кожоев. Орусиянын жараны. "Кыргыз Конгрессинин" президенти.

«СССР таркагандан бери Орусияга келгендердин баарын мигрант деп ойлошот. Орусияда 2 миллиондой кыргыз болсо, ошонун жарымы орусиялык, жарымы эмгек мигранттары. Орусиялык кыргызстандыктар бир күндө эле пайда болгон жок. Алар 30 жылдан бери отурукташып, ушул жерден уул-кызы төрөлгөн, улуту кыргыз мекендештерибиз. Алардын баарын эле мигрант деп карай берген туура эмес. Биздин кыргыз коомчулугу партия менен келишим түзүп, Орусиядагы думалык шайлоого активдүү катышып, күчүбүздү сынап көрдүк. Мандатка жеткен жокпуз. Бирок Орусиянын саясий бийлиги менен аябай тыгыз кызматташтык. Бул башка улуттарга караганда абдан чоң жетишкендик», -деди Кубанычбек Кожоев.

Оор кылмыш кылгандар жарандыктан ажырайт

Путин жарандыкка кабыл алуудан сырткары андан ажыратуу жоболорун дагы өзгөртүүнү сунуштады. Терроризм, башаламандык, маңзат соодасы жана ушул сыяктуу мамлекетке каршы оор кылмыштарга кириптер болгондор токтоосуз жарандыктан ажыратылат.

Президент орус жарандыгын токтотуу боюнча ыйгарым укукту Ички иштер министрлигине берүүнү көздөйт.

Ал ошондой эле жөнөкөй тартипте жарандык берүүгө байланыштуу маселеде президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү сунуштады. Ага ылайык, президент каалаган учурда жарандык берилчү адамдардын категориясын аныктай алат. Ошондой эле ал чет өлкөлүк жарандардын көзөмөлүндөгү балдардын жашаган жерине карабастан, жарандыгын токтотот.

Орусияда 2020-жылдагы расмий эсеп боюнча 600 миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар экени жарыяланган. Бейрасмий эсепте алардын саны 1 миллиондон ашуун экени айтылып келет. Соңку он жылда канча кыргызстандык орус жарандыгын алганы белгисиз.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин консулдук департаменттинин үчүнчү катчысы Назар Кенжеев Орусияга иштегени кеткендердин саны быйыл кескин өскөнүн белгиледи:

«Азыркы учурда Орусиянын аймагында туруктуу жана убактылуу негизде 760 миңден ашуун кыргыз жарандары жүрөт. Эмгек мигранттары пандемия күчөгөн маалда мекенине кайтышса, кийин кайра ал жакка иштегени кеткендердин агым көбөйгөн. Иштегени чыгып кетип жаткандардын көрсөткүчү жогорулоо тенденциясына ээ».

Орусияга иштегени же башка максатта барган кыргыз жарандары бул өлкөгө киргенден тартып 90 күндүн ичинде атайын органдардан милдеттүү түрдө манжа изин каттатып, сүрөткө түшүп, медициналык кароодон өтүүгө тийиш болгон жаңы эрежелер жаңы жылдан тарта күчүнө киргени турат.

Мындай татаал эрежелер тамыр алган шартта Орусияда иштеген кыргызстандыктар орус жарандыгын жапырт түрдө кабыл алууга өтпөйбү деген кооптонуулар бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG