Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Мигранттардын абалы, бийликтин убадасы


Орусиядагы мигранттар. Архивдик сүрөт.
Орусиядагы мигранттар. Архивдик сүрөт.

Президент Садыр Жапаров тышта жүргөн кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Анда ал тышта жүргөндөрдүн укуктарын коргоого жана өлкөнүн өзүндө жумуш орундарын түзүүгө убада берген.

Мекендеги түйшөлткөн жумушсуздук

Кыргызстанда жумушсуздардын саны былтыркыга салыштырмалуу 3,4% өстү. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда 104 миң адам жумушсуз катары катталган.

Иш жок болгондуктан Каракол шаарынын 49 жаштагы тургуну Зинат Исаева Польшага кеткен. Бир жыл тоок этин кайра иштеткен заводдо эмгектенген Зинат коронавирус пандемиясы башталганда кайтып келген. Кырдаал жөнгө салынса, жаз алды менен кайра дагы миграцияга кетүүгө камынып жатат.

Зинат Исаева жана аны менен иштеген мигранттар.
Зинат Исаева жана аны менен иштеген мигранттар.

“Бойго жеткен эки кызым бар, дагы эки кызым мектепте окуйт. Университетти бүткөнү менен жумушсуз жүрүшкөн. Алган диплому ишке жарап, өз келечегин куруп кетсин деген ойдо жарнамалардан жакшы жумуш караштыра баштадык. Бир күнү “Польшага жумушчу кыз-келиндерди алабыз, айлыгы жогору” деген жарнаманы көрүп калып, Караколдогу кеңсесине бардык. Жанымда 22 жаштагы кызым бар эле. Кеңседе отурган кыздар Европадагы завод-фабрикалардагы бош орундардын тизмесин көрсөтүп, медициналык кепилдик, жатакана, тамак-аш деген маселелерди кошо айтып беришти. Айлыгы 1000 доллардан жогору экен. Бирок, жанымда отурган кызымды албайбыз дешти, себеби жаш, анын үстүнө бойдок болгондуктан алар (Польшадагы жумуш берүүчүлөр) “бул кайра мекенине кетпей коет” деген коркунучу бар экенин айтып беришти”.

Документтерди даярдап, виза алып, Варшавага жөнөп кеткен Зинаттын Караколдогу үйүндө төрт кызы, күйөөсү калган.

Зинат Исаева
Зинат Исаева

“Күйөөм эл ташып, таксист болуп иштейт. Мен соода кылып, айыл кыдырып кийим-кече, идиш-аяк сатып жүргөм. Бирок андан түшкөн каражат күнүмдүк чыгымдарыңды гана жапканы болбосо, көбүнесе топтолбойт. Үй салганда насыя алганбыз, ошону жабайын деп кетүүгө аргасыз болдум. Цехтин ичи 10 градус суук, ошол жерде тооктун этин бөлүштүрүп иштедим. Жумуш жеңил эмес, кечке тикеден тик туруп, жабык форма кийип алып иштейсиң. Түзгөн келишимимде сегиз ай иштешим керек болчу, бирок ошол маалда пандемия башталып, дагы төрт айга узартканга туура келди. Жумуштун шарттары жакшы, айлыгы да ырас эле. Өткөн жылы күзүндө үйүмө кайтып келгем. Эми жаз алды менен кайра кетем, жакшы иштегеним үчүн кайра чакыруу жиберишкен. Кетпей коеюн десем бул жерде тапкан 15 миң сом айлыгым баскан-турганыбыздан артпай калды”.

Элвира Кубат кызы Бишкектеги Кыргыз улуттук инверситетинин чет тилдер факультетин беш жыл мурда аяктаган. Азыр Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы мейманканада жолдошу Аскар экөө тең иштеп жүрүшөт.

“Күйөөм милиция кызматкери болчу, түйшүгү түмөн, айлыгы төмөн деп кесибин таштап койду. Бир балалуу болгондон кийин Бишкектеги ижарага алып жашап жүргөн батирибиздин акчасын төлөгөндөн кыйналып, соңунда баланы апама карматып 2018-жылы бул жакка келе бердик. Мен экономисттин дипломун алгам, бирок бир күн дагы өз адистигим менен иштеген жокмун. Бул кесип менин көңүлүмө ынабай турганын түшүндүм. Азыр экөөбүз биригип 1500 доллардан бир аз ашык айлык алабыз. Тамагыбызга, батирге деп калтырып, калганын Кыргызстанга салабыз. Үстүбүзгө үй алып алсак деген тилегибиз бар”

Адистердин айтымында, Орусияга алгач көбүнчө эркектер кетип жүргөн болсо, соңку жылдары аялдардын агымы көбөйгөн. Мурда жалгыз кеткендер көп эле, азыр бүтүндөй үй-бүлөсү менен көчүп жаткандар да бар.

Мигранттын укугун коргоо убадасы

18-декабрь, мигранттардын эл аралык күнүнө карата, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тышта жүргөн кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Анда ал билимдүү кадрларды өлкөдөн кетирбей кармап калуу үчүн аракет кылып жатканын, бир катар ишканалар жанданып, жумуш орундары ачыларын белгилеген.

"Билим берүү жана саламаттык сактоо системасындагы мыкты кесип ээлери өз мекенинде татыктуу жашап, келечек муунга терең билим берип, элибиздин саламаттыгына кам көрүшү абзел. Ошону менен бирге ишкерликти өнүктүрүүгө артыкчылык берилип жаткан чакта тажрыйбалуу инженердик кадрлардын — техниктер, энергетиктер, куруучулар, жеңил өнөр жайынын кызматкерлери жана башка чебер адистердин ролу айтпаса да белгилүү. Бүгүн өнөр жайды калыбына келтирүүгө абдан көңүл бурулууда, ишкана ачуу жаатында бир катар иш-чаралар жүзөгө ашырылды".

Президент четте жүргөн журтташтардын укугу корголорун да айтты.

"Дагы бир орчундуу маселе — эмгек мигранттарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо. Мындай маанилүү маселени көз жаздымда калтырбашыбыз керек. Миграцияга чыгуу жолдорун ирээтке келтирүү, мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу менен коопсуздугун камсыздоо мамлекеттин негизги милдети болушу кажет. Кыргызстандыктардын чет өлкөлөрдүн эмгек рынокторунда өз потенциалын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн тышкы эмгек рынокторун диверсификациялоо, же тагыраак айтканда, бир эле убакта ар түрдүү багыттарды өздөштүрүү милдети турат", - деди Жапаров кайрылуусунда.

Акыркы жылдары Орусияда иштеп жүргөн мекендештер укуктары бузулуп жатканын айтып, укук коргоо органдары негизсиз текшерип, камакка да алганы тууралуу кыска видеолорду социалдык тармактарга жүктөп келет.

Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Жамилахан Бегиева ушундай учурларда кыргыз элчилигинин көмөгү жетишсиз болуп жатканына токтолду.

Жамилахан Бегиева
Жамилахан Бегиева

“Кыргызстандан келгениме 40 жылдын жүзү болду. Бул жерге Москва мамлекеттик университетинен окуйм деп келип, кийин калып калдык. Бирок бир дагы күн калгым келбейт, мекениме кайтсам деп турам. Ал үчүн мекенимдеги айлык, жумуш, билим сыяктуу маселелер чечилиши керек. Азыр күчкө толуп турган жаштардын көбү чет жерде. Биздин диаспорага көбүнесе Москвада жүрүп каза тапкан жакындарынын сөөгүн алып кетүү, балдарын мектепке киргизүү, жумушка орношуу жана каттоодон өтүү сындуу маселелер менен келишет. Андан сырткары ар бир аймактын өзүлөрүнүн тобу бар, аларга да элчиликтен мурда кайрылып, жардам сурагандар көп. Кечээ күнү эле эки баласын жалгыз карап жаткан келин телефон чалды, ага Москвадагы мечиттин жанында кайыр сурап отурган жеринен менин номеримди бирөөлөр бериптир. Биз келиндин кичүү уулун мектепке киргизгенге аракет кылабыз”.

Мигранттар чет жерде ар кандай мыйзам бузууларга барып, кылмыш кылган учурлары тууралуу да кабарлар байма-бай чыгып турат.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин өкүлү Татьяна Дмитриева Эл аралык мигранттар күнүнө арналган жыйында Орусияда калайман мушташка катышканы жана башка мыйзам бузуулар үчүн 400 мигрантка өлкөгө кирүүгө тыюу салынганын билдирди.

Алардын негизи бөлүгүн Өзбекстандын (31%), Тажикистандын (26%) жана Кыргызстандын (25,4%) жарандары түзөт. "Кара тизмеге" түшкөн мигранттар Орусияга 40 жылга чейин кире алышпайт.

Дмитриева ушул тапта Москвада 1 миллион 33 миң мигрант бар экенин, анын 82% иш менен камсыздалганын кошумчалады.

Өлкөдөн кеткен билимдүү жаштар көбөйдү

Адистер соңку жылдары Кыргызстандан кара күчтү талап кылган эмгекке жарамдуулар гана кетпестен, билимдүүлөр да кете баштаганына, акыл ресурсу өлкөнүн өнүгүшүнө жумшалбай жатканына кабатыр.

Талдоочу Сейтек Качкынбаевдин баамында, учурда өлкөдөн кеткиси келген билимдүү жаштардын саны жыл санап көбөйүүдө. Ал билимдүү жаштарды кармап калуу үчүн өкмөт аракет кылбай жатканын да белгиледи.

“Азыр Кыргызстанда беш эле жапон инвестору бар. Ал эми Монголияда 700 жапон инвестору ийгиликтүү иштеп жатат. Бул монгол бийлигинин өлкөнү өнүктүрүүгө кызыкдар экенинен кабар берет. Бизде чет жерден билим алып келген 22-25 жаштагылардын жумушу мамлекеттик органдарда ашып кетсе айына 8-10 миң сомго бааланат. Ал эми бизнес ачууга бюрократия тоскоолдук кылат. Айласы кеткен акылдуу жаштар сырттан жакшы кызмат таап, кетип калууга мажбур. Өлкөнүн экономикасын бизнестен түшкөн каражат кармап турат, демек, жаштар бизнес ачсын деп мыйзамдарды ирээтке келтирип, жеңилдиктерди берип, кагазга байланган оор жүктү алып салыш керек. Бизде болсо текшерүүнүн үстүнөн текшерүү, олчойгон салыктар жана бут тосуулар көп”.

Расмий маалыматтарга караганда 6,5 миллион калкы бар Кыргызстандын 1 миллиондон ашык жараны чет жерде миграцияда.

Мекендештердин басымдуу бөлүгү Орусияда тейлөө тармагында иштейт. Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2,4 миллиард доллар акча которгон. Европа, АКШ, жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө чейин чыгып, иштеп кеткен мигранттар да аз эмес.

2020-жылдын эсебине караганда, дүйнөдө 281 миллион адам миграцияда, бул дүйнө калкынын 3,6% түзөт.

Мекенин таштап, чет жактан иш издөөгө мажбур болгондордун жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугун коргоо максатында Бириккен Улуттар Уюму 2000-жылы 18-декабрды мигранттар күнү деп белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG