Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Лира куну: мигрантты кыйнаган кризис


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Акыркы бир нече айдан бери түрк лирасынын куну качууда. Мындан айрыкча Түркияда иштеген мигранттар жапа чегүүдө.

Түркияда акыркы бир айда доллар кескин кымбаттады. Быйыл сентябрдын башында бир доллар сегиз лирага сатылса, 1-декабрда бир доллар 13 лирадан сатыла баштады.

Бул өлкөдө жашап, иштеген чет өлкөлүк мигранттардын дээрлик көбү айлыкты улуттук валюта менен алышат. Өзгөчө Борбор Азиядан барган мигранттар лиранын арзандашы алардын мекенге жөнөткөн акчасынын көлөмүнө да таасир эткенин айтышууда.

Акча алмаштыруучу жай. Стамбул шаары.
Акча алмаштыруучу жай. Стамбул шаары.

Түркияда иштеп жүргөн Түркмөнстандын Мары облусунун атын атагысы келбеген тургуну "Азаттыкка" мекенине мурдагыдай акча жөнөтө албай жатканын айткан.

"Эртеден кечке иштеп тапканым азыр өзүмө жетпейт. Ошондуктан мурдагыдай доллар жөнөтө албайм. Азыр биздин абал Түркмөнстандагыдан эч айырмаланбайт".

Ал Түркиядагы көптөгөн түркмөн мигранттары Европа өлкөлөрүнө кетүүнүн жол-жобосун издөөгө аракет кылып жатканын кошумчалады.

Ушул эле облустун дагы бир тургуну күйөөсү Түркияда иштеп жатканын, бирок андан келген акчанын көлөмү мурдагыдай эмес экенине даттанган.

"Жолдошум жөнөтүп жаткан 200-300 долларды үнөмдөп жашайбыз. Биздин үй-бүлөдө алты адам бар. Кымбатчылык башталгандан бери күйөөм салган акча биздин үй-бүлөнүн керек-жарагына жетпей калды. Ал акча салбай калса, кантип жашай аларыбызды билбейм", - деди марылык аял.

Түркмөнстанда акыркы жылдардагы экономикалык кризис, жүз миңдеген жаранды чет өлкөгө кетүүгө мажбур кылган. Алардын айрымдары Түркмөнстандан биротоло кетип калууну оң көрүшөт.

Үстүбүздөгү жылдын август айында “Азаттык” радиосунун түркмөн кызматы өз булактарына таянып, бүгүнкү күндө өлкө калкынын саны 2,8 миллиондон ашпаганын жазган. 2019-жылы жеке булактар 2008-2018-жылдар аралыгында Түркмөнстандан 1,9 миллионго жакын тургун чыгып кеткенин билдирген.

Түркиянын Миграция кызматынын маалыматына караганда, 2021-жылдын башынан бери 118 миңге жакын түркмөнстандык туруктуу жашоого уруксат алып, бул өлкөдө жашап-иштөөгө уруксат алган Ирак жарандарынан кийинки орунда турат.

Ошол эле маалда дагы 2 миллионго жакын түркмөнстандык мыйзамсыз жашаганы айтылып келет.

Соңку жылдары Түркияга кеткен кыргызстандыктардын да саны көбөйдү. Учурда өлкөдө 25 миңдей кыргызстандык жашап, иштейт.

Алардын бири Гүлмира Анталия шаарында ооруган адамды багат. Ал түрк лирасы менен алган айлыгы соңку кезде мурдагыдай берекелүү болбой калганын айтты.

"Бала-бакырам Кыргызстанда. Насыябыз бар. Доллар кымбаттагандан бери үйгө акча сала албай жатам. Кетип калайын десем, жанымда билетке жеткидей акча жок. Андыктан баарына кайыл болуп иштеп атам. Доллар дагы кымбаттаса, жашоо кандай болору белгисиз".

Доллардын кымбатташы жеке эле мигранттар эмес, жергиликтүү тургундар үчүн да кыйынчылык жаратууда. Чет өлкөлүк мигранттар менен иштешкен Олжай Назлы Каракуш жергиликтүү Show TV телеканалына курган маегинде мурдагыдай жумушчу сураган айлыкты төлөй албай жатканын айтты.

"800-900 доллар айлыкты талап кылган чет өлкөлүк бала багуучулар бар. Учурда бул сумма иш берген кишиге өтө кымбат. Айрым үй-бүлөлөр доллардын кымбатташы менен бала багуучуларды жумуштан чыгарган учурлар да болуп жатат. Бирок талап жоюлган жок. Азыркыдай кризис маалында ата-эненин экөө тең иштөөгө туура келет. Баланы караганга айла жок жардамчы издейт. Чет өлкөлүк жумушчулар айлыгын мурдагыдай лира менен эмес, доллар менен алгылары келет. 800-900 доллар айлык талап кылган түркмөнстандык, өзбекстандык мигранттар бар. Мындай айлыкка жумуш табуу өтө кыйын деп ойлойм", - деди түркиялык серепчи.

Соңку бир айдан бери Түркияда доллар 34% кымбаттап, азык-түлүккө, күйүүчү майга жана күнүмдүк жашоого керектүү товарлардын баасына да таасир этти.

Өткөн аптада өлкөдө экономикалык кризиске өкмөттү күнөөлөгөндөр нааразылык акцияларына чыгышты. Айрым эксперттер мындай кризиске президент Режеп Тайып Эрдогандын саясатын күнөөлөшүүдө.

Түрк лирасы акыркы эки жылдан бери долларга карата кунун жоготуп жатат. Соңку 15 күндө 1999-жылдан берки эң төмөн көрсөткүчкө түштү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG