Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

Түркиядагы бороон төрт кишинин өмүрүн алды


Бороон 15 миллион калкы бар Стамбул шаарынын кыймылын үзгүлтүккө учуратты. 29-ноябрь.
Бороон 15 миллион калкы бар Стамбул шаарынын кыймылын үзгүлтүккө учуратты. 29-ноябрь.

Түркиянын бир катар аймактарында 29-ноябрда катуу бороон болду. Саламаттык сактоо министрлиги жаратылыш кырсыгында төрт түркиялык жаран каза болуп, 19 киши оор жараат алганын кабарлады.

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар бирикмеси Стамбул, Измир, Кожаели жана Бурса шаарларында ондогон үй, имараттардын чатырын учуруп кеткенин кабарлады. Соцтармактарда оор жүк ташуучу автоунаалар, кемелер жана бактар кулаган тасмалар тараган.

Стамбул шаарынын губернатору Али Эрликая жаан аралаш бороон шаршембиге чейин уланарын, мындан улам шейшембиде шаардагы билим берүү мекемелери толугу менен жабык болорун жарыялады.

Негизинен сел жана суу ташкындары Түркияда эң көп катталган жаратылыш кырсыктары. Суу ташкындары өлкөдө жаан-чачын эң көп жааган Карадеңиз аймагында көп байкалат.

Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, былтыр Түркия боюнча 177 сел, суу ташкыны жана 107 жер көчкү катталган. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG