Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 11:15

2022: Геосаясий эрегиш, космоско саякат, пандемиянын эпкини


Сентябрь айында SpaceX компаниясынын The Inspiration4 экипажы менен космосту көрүп келген саякатчылар.

Дүйнө калкынын басымдуу бөлүгү 2022-жыл "жакшы жыл болот" деп үмүттөнөт. Коронавирустун жаңы толкундары, кымбатчылык жана геосаясий чыңалуулар менен коштолгон соңку бир жылдан кийин дүйнө элин эмне күтүп турат? Жаңы жылда дүйнө жүзүндө жана чөлкөмдө кандай чоң окуялар жана өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?

Жаңы жылда пандемия басаңдайбы?

Дүйнө жүзүндөгү эксперттер 2022-жылы COVID-19 илдети акыры “пандемия” деген статусунан арылып, эндемикалык же сезондук мүнөзгө ээ болот деп күтүшүүдө. Ошентсе да эки жылдан ашык убакыттан бери планетаны бейпайга салган вирус биротоло жок болуп кетпейт. Анын үстүнө коронавирустун тез жайылуучу, балким симптомдору жеңилирээк өтүүчү “Омикрон” варианты кайрадан Европада жана Түндүк Америкада санаркоону күчөтүп, жаңы чектөөлөргө жол ачып жатат.

Макаланын аудио версиясын бул жерден угуңуз.

Жаңы жылда дүйнөнү эмне күтөт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:00 0:00

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдиргендей, адеп Түштүк Африкада табылган бул штамм 90 өлкөдө тездик менен жайылууда. Жаңы жылда алардын саны дагы өсөт деп күтүлүп жатат. Кыргыз бийлиги “Омикрон” жаңы жылды ортолой өлкөгө жетиши мүмкүндүгүн эскерткен.

Кантсе да дүйнөлүк жетекчилер коронавирустун жаңы толкундары жалпысынан эмделбеген адамдардын баш оорусу болоорун белгилеп жатышат. Оксфорд университетинин Our World In Data маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнө калкынын 58% чукулу гана коронавируска каршы вакцинанын кеминде бир дозасын алды.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили кошумча эмдөөдөн өтүп жатат.
Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили кошумча эмдөөдөн өтүп жатат.

Андыктан 2022-жыл COVID-19га каршы эмдөөнүн, өзгөчө бустердик вакцинанын жылы болчудай. Борбор Азия чөлкөмүндө буга чейин эки жолу эмдөөдөн өткөндөр эми гана вакцинанын үчүнчү дозасы алып жатканда Израил сыяктуу мамлекеттер калкын төртүнчү ирет эмдөөдөн өткөрүүгө камданууда. Оксфорддун базасы көрсөткөндөй, эмдөөнүн темпи боюнча Кыргызстан Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн ичинен акыркы сапта келатат.

Ошентсе да 2022-жыл коронавирусту ооздуктоо маселесинде 2021-жылга салыштырмалуу жемиштүүрөөк жыл болчудай. Себеби, вакцинаны чыгаруу жана жеткирүү мурдагыга караганда жеткиликтүү боло баштады. Pfizer сыяктуу алдыңкы биотехнологиялык компаниялардын COVID-19 илдетине каршы дарысы жаңы жылда дүйнө өлкөлөрүнө тараганы турат. 2022-жылы пандемия басаңдайт деп күтсөк да, анын экономикага, элдин турмушуна тийгизген таасири узакка созулчудай. Ал тууралуу алдыда дагы кенен кеп кылабыз.

Геосаясий эрегиш, демократия менен авторитаризмдин тиреши

Батыш менен Орусиянын тиреши, Кытай менен АКШнын ортосундагы кайым айтыш жаңы жылдагы эл аралык жаңылыктардын башкы сабынан түшпөчүдөй.

Орус президенти Владимир Путин он миңдеген аскерлерин Украинанын чегине жайгаштырып, Батыштын кескин айыптоосуна туш болуп жатат. Путиндин коопсуздукка байланыштуу кепилдик берүү тууралуу талабы январь айында Москва менен НАТОнун ортосундагы сүйлөшүүлөрдө талкууланганы жатат. Кремл Түндүк атлантикалык альянстан Украина, Кавказ жана Борбор Азия аймактарынан оолак турууну талап кылууда. Декабрь айынын соңун утурлай Путиндин мурдагы тогуз советтик республиканын учурдагы лидерлерин Санкт-Петергбургга чакырганы Батыш менен тиреште Москванын жанында кимдер турушу мүмкүндүгүн кыйыр болсо да туюнтуп тургансыйт.

КМШга мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин бейформал жолугушуусу, Санкт-Петербург, Орусия. 29-декабрь, 2021-жыл.
КМШга мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин бейформал жолугушуусу, Санкт-Петербург, Орусия. 29-декабрь, 2021-жыл.

Орусиянын андай “тилектештеринин” бири Беларусту узак жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко февраль айында Конституциянын жаңы долбоорун добушка койгону жатат. Жаңы Конституция кабыл алынса, Батышта “диктатор” атыккан Лукашенко теория жүзүндө 2035-жылга чейин бийликте калышы мүмкүн.

Жаңы жылда Кытайды тогуз жылдан бери башкарып келе жаткан Си Цзинпин да эбегейсиз бийлигин жана таасирин андан ары бекемдөөгө белсенип турат. Кытайдын коммунисттик партиясынын беш жылда бир жолу өтүүчү улуттук курултайы 2022-жылдын экинчи жарымына белгиленди. Анда Си Цзинпин “реформа доорунда” буга чейин болуп көрбөгөн жолго түшүп, бийлигин дагы беш жылга узартат деп күтүлүүдө. “Франц-пресс” агенттиги Кытайда Сиге чакырык таштаган саясатчы калбаганын, анын экинчи президенттик мөөнөтүндө өлкөдө “бир адамдын керт башына сыйынуу” көрүнүшү кулач жайганын жазды.

Эл аралык мамилелерди талдаган адистердин баамында Си башкарган Кытай менен Кошмо Штаттардын ортосунда кайым айтыш жана санкциялардын салгылашуусу жаңы жылда токтоп калбайт. Бээжин менен Тайвандын ортосундагы чыңалуу, Шинжаңдагы уйгур, казак жана кыргыздар сыяктуу мусулман жамааттарынын укугунун одоно бузулушу сыяктуу маселелер президент Байдендин администрациясынын күн тартибинде кала берчүдөй. Муну жакында Вашингтондун Шинжаңга байланыштуу Бээжинге жаңы санкцияларды жарыялаганы да күбөлөп турат.

АКШ президенти Жо Байден менен Кытайдын лидери Си Цзинпин виртуалдык сүйлөшүүдө. 15-ноябрь, 2021-жыл.
АКШ президенти Жо Байден менен Кытайдын лидери Си Цзинпин виртуалдык сүйлөшүүдө. 15-ноябрь, 2021-жыл.

Кантсе да “дүйнө демократиянын чемпиондоруна муктаж” экенин айткан Байдендин өзүн да алдыдагы жылдын экинчи жарымында маанилүү сыноо күтүп турат. Ноябрда Конгресске орто мөөнөттүк шайлоо болот. Эгер демократтар Сенатта же Өкүлдөр палатасында көпчүлүктү республикачыларга алдырып жиберсе, Байдендин администрациясына өз саясатын Конгресс аркылуу ишке ашыруу оңойго турбай калат.

Мындан тышкары 2022-жылы Францияда, Түштүк Кореяда, Филиппинде, Бразилияда президенттик шайлоо, Венгрияда парламенттик шайлоо болот. Азырынча француз президенти Эммануэл Макрон экинчи мөөнөтүнө аттанарын расмий жарыялай элек. Анын учурдагы рейтинги буга чейинки француз президенттеринин акыркы жылдарына салыштырмалуу кыйла жогору. Ошентсе да аны бир жагынан ашкере-оңчулдар, экинчи жагынан социалисттер такымдап турат.

Бразилияда коронавирусту “кадимки сасык тумоого” салыштырып жүрүп, илдеттин күчөшүнө себепчи болгон президент Жаир Болсонарунун ашкере-оңчул, популисттик саясатын калк канчалык колдой турганы октябрь айында белгилүү болот. Жазында Венгриядагы шайлоодо “же Европа же Орбан” деген тандоо турат. 11 жылдан бери өлкөнү башкарып келе жаткан премьер-министр Виктор Орбан барган сайын “авторитаризмге ыктады” деген айыптарга туш болуп, анын Евробиримдик менен тиреши күчөп жатканы белгилүү.

Айтор, Freedom House уюму соңку 15 жылдан бери дүйнөдө эркиндик жана демократия артка чегинип жатканын билдирип келет. 2022-жылкы окуялар жана шайлоолор бул тенденция кандай өзгөрөрүн көрсөтмөкчү. “Талибан” (Кыргызстанла тыюу салынган) басып алган Ооганстанда да жарандардын эркиндиги менен укугу канчалык сакталары же чектелери ушул жылда эл аралык коомчулуктун көңүл назарында турган маселе болмокчу.

Экономиканын эртеңи, кымбатчылыктын кесепети

Пандемиянын биринчи жана экинчи жылына салыштырмалуу дүйнө өлкөлөрүнүн экономикасы акырындап өсүп келатат. Эл аралык валюта корунун прогнозуна ылайык, 2022-жылы дүйнөлүк экономика 5 пайызга, Кыргызстандын ички дүң жыйымы 5,6 пайызга чейин өсөт. Бирок экономисттер жаңы жылда асмандаган инфляция жана кымбатчылык баш оору бойдон кала берет дешет. Буга суроо-талаптын жогору болушу, дүйнө жүзүндө товар ташуунун үзгүлтүккө учурашы, балким, коронавирустун “Омикрон” варианты себеп болушу мүмкүн.

Стамбулдагы базар.
Стамбулдагы базар.

Соңку 12 айда кымбатчылык Кыргызстанда гана эмес, дүйнөнүн булуң-бурчунда байкалып, көпчүлүк өлкөлөрдө тамак-аштын баасы дээрлик рекорддук деңгээлге жетти. 2021-жыл Комшо Штаттарда батирлер менен автоунаалардан тарта тамак-ашка чейинки бардык товарлардын баасы соңку 40 жыл ичинде эң тез өскөн жыл болуп калды.

Bloomberg басылмасы инфляциянын жогору бойдон калышы менен жакыр өлкөлөргө азык-түлүктү импорттоо кыйын болоорун, тамак-аштын баасы кымбаттай берсе, быйылкы жылда элдин “курсагы ач” болгон мамлекеттерде нааразылык күчөй турганын эскертти. Мындан тышкары климаттын өзгөрүшү жана аба ырайынын бузулушунан жаралган табигый кырсыктар азык-түлүктүн баасын ого бетер көтөрүшү мүмкүн.

2022-жылы күйүүчү майдын баасы да көтөрүлбөсө, төмөндөбөчүдөй. JPMorgan инвестициялык банкынын божомолуна ылайык, алдыдагы 12 айда “Брент” үлгүсүндөгү мунайдын бир баррели 125 долларга жетиши ыктымал. Учурда мунайдын баасы 70 доллардын тегерегинде. Дүйнөлүк мунай базарындагы бул кырдаал Кыргызстандагы кара майдын ансыз жогорулап жаткан баасына таасирин тийгизбей койбойт. Ошентсе да 2022-жылы Орусия Кыргызстанга бажы төлөмү алынбаган күйүүчү майдын көлөмүн көбөйтөт деп кабарланган.

Космос үчүн күрөш, келечектин камы

2021-жылы дүйнөдөгү үч миллиарддер биринен сала бири космоско туристтерди жөнөткөнү белгилүү. Жаңы жылда британиялык ишкер Ричард Брэнсондун Virgin Galactic компаниясы да, дүйнөнүн эң бай адамы Жефф Безостун Blue Origin компаниясы жана америкалык дагы бир миллиардер Илон Масктын SpaceX корпорациясы дагы көп кишини космоско учурууга белсенип жатат. Натыйжада 2022-жылы космосту өз каражаты менен көрүп келгендердин саны мамлекеттин эсебинен ачык асманга учурулган астронавттардын санынан көп боло турганы күтүлүүдө.

Миллиардер Ричард Брэнсон отурган кеме космостун четине жеткен учур. 11-июль, 2021-жыл.
Миллиардер Ричард Брэнсон отурган кеме космостун четине жеткен учур. 11-июль, 2021-жыл.

Жаңы жылда Кытай өзүнүн “Тянгун” космостук станциясын куруп бүткөнү жатат. Бээжиндин жеке станциясы Эл аралык космостук станциядан кичирээк болгону менен өз алдынча иш алып барат. Nature журналы жазгандай, Кытай азыртадан эле жаңы курула турган станцияда жүргүзүлө турган 1000ден ашык илимий экспериментке алдын ала макулдугун берди.

2022-жылы кеминде үч өлкө – Индия, Жапония жана Орусия Айга космостук аппараттарын жөнөткөнү жатат. Эгер Москва “Луна-25” миссиясын быйыл ишке ашыра алса, анда 1976-жылдан бери биринчи жолу Айга өз аппаратын учурган болот.

НАСА 2021-жылдын аягында ачык космоско учурулган “эң кубаттуу” деп сыпатталган “Жеймс Вебб” телескобунан алгачкы сүрөттөрдү июнь-июль айларында ала баштайт. Илимпоздор жаңы телескоптун жардамы менен биринчи жолу ааламдын алыскы аймактарын, экзопланеталардын ички атмосферасынын "көрө алабыз" дешет.

Дүйнөдө климат өзгөргөн сайын анын кесепетин алдын алууну көздөгөн технологияларга басым жасалып жатат. The Economist журналы жазгандай, 2022-жылы Улуу Британиядагы Jones Food компаниясы дүйнөдөгү эң чоң вертикалдуу күнөскананы ишке киргизет. Анын аянты 13,7 чарчы метрди гана түзгөнү менен ондогон кабаттардан турат. Ушундай эле күнөсканалар алдыдагы жылда АКШда, Данияда жана Швецияда ачылары пландалган. Адатта мындай күнөсканаларда өстүрүлгөн жашылчаларга суу азыраак кетет жана чакан жерден көп түшүм алса болот.

Бээжиндеги экинчи олимпиада, Катардагы күзгү чемпионат

Албетте, февраль айында Бээжинде өтүүчү Кышкы Олимпиада оюндары жана ноябрь-декабрь айларына белгиленген Дүйнөлүк футбол чемпионаты жылдын эң башкы спорттук иш-чарасы болмокчу. Кытай коронавирустун жаңы очогу чыккан сайын катаал карантин киргизип отуруп, жалпысынан чет өлкөлүк туристтерге ушуга чейин жабык болуп келди.

Шанхайдагы спорт музейи.
Шанхайдагы спорт музейи.

Эми дүйнө өлкөлөрүнөн жүздөгөн спортчу келе турган Олимпиада маалында Бээжин санитардык эрежелерди кантип камсыз кыла алат деген маселе кабыргасынан коюлуп турат. Олимпиадага дипломатиялык бойкот жарыялаган Кошмо Штаттар, Канада, Британияга дагы кайсы мамлекеттер кошулары көпчүлүктүн көңүл борборунда.

Кантсе да бул Олимпиадада Кыргызстандын намысын спортчу - лыжачы Максим Гордеев коргогону турат. Ага олимпиадалык жолдомо лыжа спортунун слалом түрүнөн квота иретинде берилген.

Катар болсо Дүйнөлүк чемпионатка 10 жылдан бери камылга көрүп келет. Жайында Катарда акактаткан ысык аптап өкүм сүргөндүктөн бул чемпионат ноябрь жана декабрь айларында өтөт. Расмий Доханын бул дүйнөлүк турнирди өткөрүү укугун утуп алганы коррупция айыптары менен коштолгон болчу. Ошондой эле футбол стадиондорун курууда мигранттардын укугу бузулганы тууралуу дооматтар да Катардын дымагына көлөкө түшүргөн. Кантсе да футбол күйөрмандарынын көптүгүнөн эмитен эле Катардагы мейманканаларда бош орундар калбай баратат.

Жаңы жылга артылган үмүт

Айтор, 2022-жыл да окуяларга бай болчудай. IPSOS уюмунун соңку сурамжылоосунун жыйынтыктарын карап отуруп, жаңы жылды “үмүттүн жылы” деп мүнөздөсө болчудай. АКШ, Канада, Малайзия, Түштүк Африка жана Түркия сыяктуу дүйнөнүн 33 өлкөсүндө жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, дүйнө жүзүндө “2022-жыл жакшы жыл болот” деген ишенген адамдардын саны көбөйгөн.

Социологиялык изилдөөгө катышкан 22 миң адамдын 75% жаңы жылдан жакшылык күтүп жатышкан экен. Кытайлыктардын 94% 2022-жыл жакшы жыл болот десе, пессимисттик көз караш Жапонияда басымдуулук кылган. Жапондордун 54% гана жаңы жылда жагымдуу өзгөрүүлөрдү күтүшөт.

Айтмакчы, сурамжылоого катышкандардын 90% 2020-жылды “жаман жыл болду” дешкен. 2021-жылы мындай ойлонгондордун саны 56% түшкөн. Дүйнөнүн 33 мамлекетиндеги калктын 61% өз өлкөсүнүн экономикасы жаңы жылда жакшырат деп ойлошот. Ошентсе да климаттын өзгөрүшү жана баанын кымбатташы кыйынчылык бойдон кала берет дегендер басымдуулук кылат.

Демек, коронавирустан, кымбатчылыктан, чектөөлөрдөн чарчаган дүйнө калкынын жаңы жылга үмүтү чоң. Андыктан ал үмүттөр аткарылсын!

Жаңы жыл жагымдуу өзгөрүүлөрдүн, мыкты саамалыктардын, өнүгүүнүн жана тынчтыктын жылы болсун!

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG