Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:03

Максим Гордеев Кышкы Олимп оюндарына жолдомо алды


Максим Гордеев.
Максим Гордеев.

Кыргызстандык лыжачы Максим Гордеев Кытайда өтө турчу XXIV Кышкы Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Спортчуга олимпиадалык жолдомо лыжа спортунун слалом түрүнөн квота иретинде берилген.

Максим Гордеев 26 жашта. Лыжа спорту боюнча Кыргызстандын чемпиону. Ал 2022-жылы Бээжинде өтө турчу Кышкы Олимп оюндарына жолдомого ээ болгон биринчи кыргыз спортчусу болуп калды.

XXIV Кышкы Олимп оюндары 2022-жылы Кытайдын борбор калаасы Бээжинде 4-20-февраль аралыгында өтөт. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG