Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Саламат Эргешов Улуттук олимпиада комитетинен кетүүгө арыз жазды


Саламат Эргешов.
Саламат Эргешов.

Саламат Эргешов Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы кызматынан кетүүгө арыз жазды. Бул тууралуу 2-декабрда аталган комитеттен "Азаттыкка" билдиришти.

Эргешовдун отставкасы 3-декабрдагы жыйында каралып, башкы катчынын милдетин аткаруучу адам дайындалат.

Аталган кызматта бир топ жыл иштеген Эргешов эмне себептен кызматтан кетип жатканы белгисиз.

Декабрдын ортолорунда Улуттук олимпиада комитетинин президенти шайланат. Учурда президенттин милдетин Канат Аманкулов аткарууда. Мурдагы жетекчи Шаршенбек Абдыкеримов 23-ноябрда саламаттыгына байланыштуу иштен кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG