Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 11:00

Ооганстан: Кытай менен Орусиянын таасир талашы


Батыш Ооганстандан кеткенден кийин боштукту кимиси толтурат, Кытайбы же Орусиябы деген суроо күн тартибине чыкты.

Батыш 20 жылдан бери Ооганстанда өз турумун бекем кармап келди. Бирок талибдер бийликти ээлеп алган соң АКШ жана анын өнөктөштөрү артка чегиништи. Кытай менен Орусиянын Ооганстанда жана Борбор Азияда таасири күчөй турганы белгиленүүдө. Ошондуктан талдоочулар аны Батышка каршы маанайдын борборуна айлануу коркунучу бар экенин айтышууда.

АКШнын эми Ооганстанга колу байланбайт

АКШ менен НАТО Ооганстандан башаламан чыгышы жана эл аралык коомчулук тааныган Кабул бийлигинин көз ачып жумганча кулашы Батыштын бул өлкөдөгү 20 жылдык мөөнөтүн соңуна чыгарды. Вашингтон Кытайга көңүл буруу үчүн Ооганстандан аскерлерин чыгарып жатканын ачык айткан.

Президент Жо Байден Кытай менен Орусия АКШ дагы он жылдап Ооганстанда кала берип, колу байланып калышын каалай турганын быйыл 31-августта сүйлөгөн сөзүндө айткан болчу.

Ошондуктан Жо Байден АКШнын Ооганстандан чыгышын бирден-бир туура чечим деп атаган:

Жо Байден, АКШ президенти.
Жо Байден, АКШ президенти.

"Бээжинде жана Москвада отургандарга айтып койсом. Эми Силер бактылуу болдуңарбы? Алар биздин мына ошол жакта кала берип, андагы ар түрдүү нерселер менен алек болуп, сазга батышыбызды каалашкан. Демек, биздин ал жактан чыгып кеткенибиз акылга сыярлык жана туура чечим болду", - деди Жо Байден.

Кызыкчылыктар атаандашкан аймак

Талибдер Ооганстанда көзөмөлдү кайра колго алды. Ал эми Батыш менен араздашкан же ага атаандаш саналган башка державалар андагы боштукту толтурууну көздөп жатканы айтылды.

Бул жагдай Борбор Азия чөлкөмүн антибатыштык маанайдын чордонуна айландырышы мүмкүн деген божомолдор бар. Айрым эксперттердин ырасташынча, Ооганстандан аскерлердин чыгарылышы террордук коркунучтарды күчөтүшү мүмкүн.

АКШнын вице-президенти Камала Харрис Ооганстанда бийликти ээлеп алган "Талибан" (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) берген убадасын аткарбагандыктан аны менен мамиленин келечеги жоктугун айтты:

АКШнын вице-президенти Камала Харрис Вашингтондогу Ак үйдө энелердин саламаттыгы тууралуу сүйлөп жатат, 7-декабрь, 2021-жыл
АКШнын вице-президенти Камала Харрис Вашингтондогу Ак үйдө энелердин саламаттыгы тууралуу сүйлөп жатат, 7-декабрь, 2021-жыл

"Мен Ооганстандагы аягы көрүнбөгөн согушту токтотуп, америкалык аскерлерди чыгарып кетүү боюнча президенттин чечимин толугу менен колдодум. Бул жерде мурдагы администрация “Талибан” менен бүтүм түзүп, макулдашканын эстен чыгарбоо маанилүү. Ага ылайык, талибдер менен ооган өкмөтү сүйлөшүү үстөлүнө отуруп, тынчтык келишимине келиши керек болчу. “Талибан” макулдашуунун алкагында ошондой убада берген. Шарттары аткарылбагандыктан биз эми ошол макулдашууну токтотобуз", - деди Камала Харрис.

Кытайдын таасири, Орусиянын кызыкчылык тилкеси

Айрым талдоочулар Орусия, Кытай, Пакистан жана Иран чоң геосаясий оюндун кийинки этабында бириге алат деп эсептешет. Анткен менен башка эксперттер Москва, Бээжин, Исламабад жана Тегеран ар бири өз алдынча геосаясий кызыкчылыгын алдыга жылдырууну көздөп жатканын айтышты.

Тажикстандык саясат талдоочу Парвиз Муллажанов Ооганстанда гана эмес, жалпы Борбор Азияда Кытайдын таасири күчөшү мүмкүн экенин белгиледи:

Парвиз Муллажанов, тажикстандык эксперт.
Парвиз Муллажанов, тажикстандык эксперт.

"Москва Борбор Азияны өзүнүн артыкчылыктуу таасир этүү аймагына кирет деп эсептейт. Башка маселе, ал бул жердеги мына ошол таасирин сактап кала алабы? 2014-жылдан тарта Борбор Азия чөлкөмүндө Кытайдын ролу жана таасири күчөдү. Борбор Азия өлкөлөрүнүн Кытайга көз карандылыгы бир кыйла өстү. Айрыкча Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдүн көз карандылыгы иш жүзүндө саясий жана геосаясий багытка өтүүдө".

Байдендин администрациясы Ооганстандан келген ар кандай террордук коркунучка “аймактан тышкары” миссиясы менен каршы тураарын билдирди. Бирок бул миссиянын аймактан келип чыккан коркунучтарды зыянсыздандыруудагы натыйжалуулугу күмөндүү бойдон кала берүүдө.

Анткени АКШнын Ооганстанга аралыктан көз салуу үчүн аскердик базаны жайгаштыруу боюнча Борбор Азия өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрү жыйынтыксыз аяктады.

АКШ жана НАТОнун башка мүчөлөрү талибдерден адам укугун жана аялдардын эркиндигин урматтоону талап кылууда. Ал эми “Талибан” өкмөтүнө Москва, Бээжин же Исламабад мындай чакырык менен кайрылбайт.

Германиянын Эл аралык мамилелер жана коопсуздук институтунун (SWP) эксперттери Сабин Фишер менен Ангела Станцел Ооганстандан аскерлер чыгарылгандан кийин Батыштын таасири алсырап, мындан Орусия менен Кытай “глобалдык деңгээлде” эң көп пайда көрөрүн белгилешти.

Бирок алар Москва да, Бээжин да азыркы олуттуу аймактык коопсуздук көйгөйлөрдү чече алган жок деп белгилешет.

ЖККУнун колдоосу астында Орусия тажик-ооган чек арасында террорчулукка каршы биргелешкен машыгууларды өткөрүү аркылуу Борбор Азиядагы аскер күчтөрүн кеңейтти.

Анткен менен октябрь айында “Азаттыктын” тажик редакциясы Кытай дагы Тажикстандын чыгышында, Тажикстандын Кытай жана Ооганстан менен чек арасына жакын жерде аскердик базасын куруу аркылуу өзүнүн аскерий катышуусун кеңейтип жатканы тууралуу журналисттик иликтөөлөрдү жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG