Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:04

Таабалды Тиллаев транспорт министринин орун басары болуп дайындалды


Таабалды Тиллаев.
Таабалды Тиллаев.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Таабалды Тиллаев Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

45 жаштагы Таабалды Тиллаев 2015-жылы "Республика-Ата Журт" партиясы менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2020-жылкы парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен катышкан. 2021-жылы өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодо "Альянс" партиясынын тизмеси менен барган.

2021-жылдын август айынан бери Транспорт жана коммуникациялар министрлигин Эркинбек Осоев жетектеп келет. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG