Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

Акыйкатчынын ишеним телефонуна бир жылда 10 миңден ашык кайрылуу түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыйкатчы институтунун "115" ишеним телефонуна 2021-жылы 10 миң 46 кайрылуу болгон. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Ишеним телефонуна түшкөн кайрылуунун көпчүлүгү (308) күчтөп эмдөөдөн өткөрүүгө байланыштуу. Андан тышкары укук коргоо органдарына (180), эмгек укугунун бузулушу (164) жана үй-бүлөдөгү зомбулук (158) жана жер талаш маселелери (153) боюнча кайрылуулар көп түшкөн.

Маалыматта ишеним телефонуна чалган жарандардын суроолоруна толук жооп берилип, түшүндүрмө, сунуш жана кеңештер айтылганы белгиленген.

Түшкөн кайрылуунун 41и Акыйкатчынын аппаратынын кароосунда болуп, тиешелүү иштер жүргүзүлгөн.

Ушу тапта өкмөттүк эмес уюмдар менен мамлекеттик органдар биргелешип ачкан, психолог-адистердин жардамына муктаж балдар үчүн "111" ишеним телефону иштеп жатат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG