Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

Алматы: токмоктолгон Сыдыков Бишкекке "Тез жардам" менен келатат


Чолпонбек Сыдыков Алматыда күч органдары кармап кеткенден кийин 11 күн өткөн соң оор абалда табылган.
Чолпонбек Сыдыков Алматыда күч органдары кармап кеткенден кийин 11 күн өткөн соң оор абалда табылган.

Казакстандын Алматы шаарында башламандыктарга байланыштуу кармалып, катуу сабалган Чолпонбек Сыдыковду Бишкекке "Тез жардам" кызматынын унаасы менен алып келе жатышат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматтык саясат департаментинин башчысы Нурлан Сүйөркулов Сыдыков келгенде ага чукул медициналык жардам көрсөтүлөрүн маалымдады. Анын кармалышынын мыйзамдуулугу кыргыз тараптын 5-январда Казакстанга кармалган кыргызстандык жарандардын укугу тууралуу жөнөткөн нотасынын алкагында каралып, иш жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Алматыда тополоңдордон улам кармалып дайыны билинбей жаткан Сыдыков 11 күндөн кийин оор абалда табылган. Анын катуу токмоктолгону, эки буту, кабыргасы сынганы белгилүү болгон. Назарали Арипов ал 8-январда Бишкекке кетип баратканда Алматынын чыга беришинде кармалганын билдирген.

Сыдыковдун жакындары ал эмерек орнотуучу болуп Алматыга барып-келип иштеп жүргөнүн, күч кызматкерлери кармап, Кошмамбет айылын көздөй алып кетишкенин жазышкан.

Казакстандагы соңку окуялардан улам жалпысынан он кыргызстандык жаран кармалган, алардын баары бошотулду, эки кыргыз жараны каза болду.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери алгач 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Ал башаламандык талап-тоноолор, тоз-тополоң менен коштолгон.

Тополоңдо каза болгондордун саны 227га жетти. 10 миңдей адам кармалып, 700дөй кылмыш иши козголгону кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG