Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:11

УКМК мамлекеттик кызматкерлердин дипломдорун, жарандыгын текшерет


Мамлекеттик кызматкерлердин дипломун, жарандыгын текшерүү үчүн үч айлык мөөнөт берилди.
Мамлекеттик кызматкерлердин дипломун, жарандыгын текшерүү үчүн үч айлык мөөнөт берилди.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) президент Садыр Жапаров атайын кызматка бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин жогорку билими тууралуу дипломдорун жана жарандыгын текшерүүнү тапшырганын билдирди. Анда бул жараян 24-январда башталып үч айга созулары, мамлекеттик мекеме-министрлик, органдарда иштегендерден сырткары Жогорку Кеңештин депутаттарына да тиешелүү болору айтылат.

УКМК тараткан маалыматта "акыркы жылдары мамлекеттик кызматкерлердин билими тууралуу жасалма дипломдор менен мамлекеттик кызматка өткөн фактылар көбөйгөнү байкалууда. Мындай фактылар коомдо активдүү талкууга айланып, мамлекеттик кызматка көлөкө түшүрүп, мамлекеттик башкаруунун бүткүл системасын дискредитациялап, көп учурда айрым ведомстволордун да, жалпы мамлекеттик аппараттын да ишинин оң натыйжаларын терс жагынан көрсөтүп коюуда" деп жазылган.

Мунун алдында атайын кызмат парламенттеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Орозайым Нарматованы диломуна байланыштуу суракка чакырган. Анда эл өкүлүнүн окууга которулушундагы мыйзам бузуу тууралуу маалымат түшкөнү, аны окуу жайга мыйзамсыз кабыл алган деген шек менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгону айтылган.

Нарматова болсо дооматтарды четке каккан.

Кыргызстанда буга чейин дагы айрым жогорку бийлик өкүлдөрүнүн, депутаттардын дипломдору жасалма, кээ бирлери башка мамлекеттин жараны экени тууралуу маалыматтар чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG