Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Иран, Орусия жана Кытай деңизде биргелешкен машыгууларды өткөрөт


Иран, Орусия жана Кытайдын биргелешкен деңиз машыгуулары. Архивдик сүрөт.
Иран, Орусия жана Кытайдын биргелешкен деңиз машыгуулары. Архивдик сүрөт.

21-январда Иран, Орусия жана Кытай Инд океанынын түндүгүндө деңиз-аскер бөлүктөрүнүн биргелешкен машыгууларын өткөрөт. Бул тууралуу ирандык басылмалар кабарлап, аталган үч өлкө АКШ жана анын өнөктөштөрүнүн өсүп жаткан басымдарына каршы биригип жатышканын жазды.

Ирандын куралдуу күчтөрүнүн өкүлү жарым-жартылай расмий саналган ISNA маалымат агенттигине “машыгуулардын максаты чөлкөмдөгү коопсуздукту бекемдөө” экенин айткан.

“Деңиз коопсуздук куру – 2022” деп аталган аракет бул үч өлкөнүн 2019-жылдан берки үчүнчү машыгуусу болуп калат. 2021-жылдын июнунда Ирандын президенти болуп шайланган Ибрахим Раиси Москва менен да, Бээжин менен да саясий кызматташууну тереңдете баштаган. Ибрахим Раиси 19-январда Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту. (ErN)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG