Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

Австрия COVID-19 вирусуна каршы вакцинаны милдеттендиргени турат


Австриядагы COVID-19 вирусуна каршы вакцинаны милдеттендирүү чараларына каршы акциялар.
Австриядагы COVID-19 вирусуна каршы вакцинаны милдеттендирүү чараларына каршы акциялар.

Австриянын мыйзам чыгаруучулары жарандарды коронавируска каршы вакцинацияны милдеттүү түрдө алууну караган документти 20-январда жактырганы турат.

Мыйзам кабыл алынса, 18 жаштан жогоркулардын бардыгы вакцинаны февралга чейин алышы керек. Антпегендерге айыппул салынат.

Кош бойлуу аялдарга жана медициналык негизде вакцина алганга болбой турган адамдарга гана чектөө жок. Учурда Австриянын 75% калкы толук вакцина алган.

Жаңы мыйзамды кабыл алуунун фонунда миңдеген адамдар коронавируска каршы милдеттүү эмдөө аракеттерине каршылык билдирип келет.

Европанын бир катар мамлекеттери медициналык кызматкерлерди айрым топтогу жумушчуларды COVID-19 вирусуна каршы вакцинаны алууга милдеттендирген. Германия жана Франция сыяктуу айрым өлкөлөр эмдөөдөн өтпөгөндөргө ар кайсы кызматтарды колдонуусуна жана эс алуучу жайларга баруусуна чектөө киргизген.

Австрия бардык жарандарды вакцина алууга милдеттендирген мыйзам кабыл алса, мындай чара киргизген Европадагы биринчи мамлекет болуп калат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG