Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Байден Орусия Украинага “кол салышы” мүмкүн экенин эскертти


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байден Орусия Украинага “кол салышы” мүмкүн экенин эскертип, бирок Владимир Путин аскердик чабуул жасаса анын арты Москва үчүн экономикалык кесепеттерге алып келерин түшүнүп, карманып турганын билдирди. Байден бул тууралуу пикирин 19-январда президенттик кызматка киришкенинин бир жылдыгына карата басма сөз жыйынында айтты.

Байден эгер Украинага бастырып кирсе, “Орусия үчүн чоң катастрофа” болорун кошумчалады:

“Биздин өнөктөштөр Орусияга жана орус экономикасына олуттуу чыгым алып келе турган жана чоң сокку ура турган кадамдарга барууга даяр”, - деди ал. Ошентсе да Байден Путин “чоң масштабдуу согушту каалабай турганын”, болгону кырдаалды курчутууга жол издеп жатканын кошумчалады.

19-январда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кивеге келип, Украинанын президенти Владимир Зеленскийге жолугушту.

АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30дай мамлекет мүчө болгон НАТОго Украинаны кошуу маселеси былтыр жайда каралган. Мындан кийин Орусия Украинанын чек арасына 100 миңдей аскерин тартып, буга каршылык билдирген. АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыптаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG