Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:33

Өкмөт коронавирустун белгилери бар жарандарды үйдөн чыкпоого чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин коронавируска байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуусу "Сак-саламат" сайтына чыкты. Анда коронавирустун белгилери байкалган жарандар өзүн кандай алып жүрүүсү керектиги жазылган.

Дене табынын жогорулашы, кургак жөтөл, тамактын оорушу же ачышуусу, ичтин өтүшү, алсыроо, тердөө, муундардын сыздашы, булчуңдардагы оорушу байкалган жарандарга үйдө болуу, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнөн обочолонуу сыяктуу сунуштар берилген.

Мындан тышкары суюктукту (суу, чай, компот) көп ичүү, парацетамол (чоңдорго жана өспүрүмдөргө) күнүнө 2-4 жолу (500 мг) же Ибупрофен (200-400) мг ар бир 4-6 саатта ичүү сунушталган.

Маалыматка ылайык абалга байкоо жүргүзүп, дене табын өлчөп, кан тамырдын кагышына көз салып, дем кыстыгуунун, жөтөлдүн пайда болушуна же күчөшүнө көңүл буруш керек. Эгер ​ден соолук начарлап (дене табы түшпөй жатса, жөтөл күчөсө, кыйналган дем алуу/дем кыстыгуу пайда болсо) үй-бүлөлүк дарыгерге билдирип же андан аркы дарылоо жолун аныктоо ж ооруканага жатуу үчүн 118 номуруна чалуу керектиги айтылат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында пандемияга байланыштуу карантин, чектөө киргизүүдөн майнап чыкпай турганын, вирустун "омикрон" түрү тарап кеткенин билдирген.

Саламаттык сактоо министрлиги өткөн аптада коронавирустун "омикрон" штаммы катталганын, өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталганын билдирген жана оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек "кызыл зонага" кирген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG