Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:23

Кесиптик кошуундар федерациясынын мүчөсү Венера Маймендеева кармалды


Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, Венера Маймендеева алдамчылык боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Маймендеева аны 19-январда Кесиптик кошуундар федерациясынын легитимдүүлүгү талаш жаратып келаткан жетекчиси Мирбек Асанакуновдун арызынын негизинде Ысык-Көл облусунда жүргөн жеринен кармап, Чүй облусунун Аламүдүн райондук милиция бөлүмүнө алып келишкени тууралуу видео кайрылуу жасаган.

Анын кызы Асел Шатманалиеванын айтуусунда, Венера Маймендеева учурда Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп иштейт. 21-январда федерацияда кеңешме өтүп, Маймендеева жетекчи болуп шайланышы мүмкүн болчу.

Кыргызстандагы Кесиптик кошуундар федерациясындагы талаш-тартыш, чыр-чатак бир канча жылдан бери басылбай келет. Кесиптик кошуундар федерациясынын өкүлдөрү өткөн жылы 25-декабрда Бишкекте эки жерде эки башка жыйын өткөрүп, эки жетекчини (Сагынбек Бозгумбаев, Мирбек Асанакунов) шайлашкан. Анын кайсынысы мыйзамдуу экени, шайланган эки жетекчинин кимиси уюмду жетектей турганы белгисиз.

Кесиптик кошуун - жарандардын ыктыяры менен түзүлгөн коомдук негиздеги көз каранды эмес бирикме. Кесиптик кошуундар өз ишмердиги боюнча жумуш берүүчү тараптарга жана мамлекеттик бийлик органдарына баш ийбейт. Бул уюмдардын каржылык ишмердигин Эсеп палатасы жылына бир жолу текшере алат.

Айрым маалыматтарга ылайык, бирикменин жалпы бюджети 1 млрд. сомдон ашат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG