Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:26

Тажикстанда Хорогдогу башаламандык боюнча кайра тергөө башталды


Тажикстан. Бадахшан облусунун Хорог шаарындагы нааразылык акциясы.
Тажикстан. Бадахшан облусунун Хорог шаарындагы нааразылык акциясы.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Хорог шаарындагы нааразылык акциясы жапырт башаламандыкка айланган окуя боюнча тергөөнү жаңыртты.

Башкы прокуратуранын атын атабаган өкүлү "Азаттыктын" тажик кызматына кабарлагандай, Аскердик прокуратуранын тергөө кызматкерлери эки күн мурун Дүйшөмбү шаарынан Хорогго учуп кетишкен.

Прокуратура кылмыш ишин былтыр декабрда козгогон. Тергөөчүлөр бийликке отчёт берүү үчүн борборго кайткандыктан иш убактылуу токтоп турган.

2021-жылдын 25-ноябрында Хорогдогу акимчиликтин алдына 5 миңдей киши нааразылык акциясына чыккан. Алар тажик күч түзүмдөрү атайын операция учурунда 29 жаштагы жергиликтүү тургунду атып өлтүргөнүн айыптап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылышкан.

Хорог - Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору. Анын калкынын көпчүлүк бөлүгүн перс тектүү, ислам дининдеги шиит агымын карманган памирликтер түзөт.

Бадахшан автоном облусунун аймагында памирлик кыргыздар да жашайт. Бул аймак бир эле учурда үч мамлекет – Кытай, Кыргызстан жана Ооганстан менен чектешет.

Ошол эле маалда Москвадагы Тажикстандын элчилигинин алдына жүздөгөн адамдар нааразылык акциясына чогулган.

Миңдеген тургундар эртеси дагы күнү-түнү Хорогдогу акимчиликтин имаратынын алдынан кетпей турушту. Каршылык акциясы төрт күнгө созулду. Облус жетекчилиги алар менен жолугуп, окуяны тыкыр иликтөөгө убада бергенден кийин гана тараган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG