Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:51

"Буттарым сынып, канга боелдум": Алматыда токмок жеген Чолпонбек


Казакстанда сабалган Сыдыковго операция жасалат
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:11 0:00

Казакстанда сабалган Сыдыковго операция жасалат

Казакстандын Алматы шаарында башаламандык күндөрү кармалып, катуу сабалган кыргызстандык жаран Чолпонбек Сыдыков Бишкекте дарыланууда. 24-январда пианист Викрам Рузахунов да Казакстанда кармалып турганда катуу сабалганын, кабыргалары сынып, баш мээси чайкалганын биринчи жолу айтып чыкты.

Акыйкатчы институту кыргызстандык жарандардын Казакстанда башаламандыктар учурунда полициядан кыйноо көргөнүнө байланыштуу Казакстандын Акыйкатчысына жана БУУнун Адам укуктары комитетине кайрылууда.

Себепсиз сабалганын айткан Чолпонбек

Алматыдагы башаламандык учурунда он күн бою дайыны чыкпаган Чолпонбек Сыдыков учурда Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборунда дарыланууда. Дарыгерлердин айтымында, анын эки буту тең балтырынан сынган, сол жак кабырга сөөктөрү да сынып, мээси чайкалган.

Чолпонбек Сыдыков тайэжеси менен.
Чолпонбек Сыдыков тайэжеси менен.

Ал 20-январда Кыргызстандын Алматыдагы консулдугунун жардамы менен "Тез жардам" унаасында Бишкекке алып келинип, алгач жандандыруу бөлүмүндө дарыланып, кийин палатага чыгарылган.

"Менин Казакстанда жүрүү мөөнөтүм бүтүп калганына байланыштуу Кыргызстанга келип кетишим керек эле. Ошондуктан 8-январда таксиге отуруп, Бишкекке жөнөдүм. Шаар тынч эле, Алматыдан чыга бергенде аскерлер турган пост бар экен. Ошол жерден биздин паспортторубузду "текшерүүгө" деп алып коюшту. Бат эле кое беришсе керек десек, көпкө кармашты. Мен ошол жердеги полиция кызматкерине барып, "паспортту бергиле" десем, ал башыма чаап жиберди. Андан кийин колумду кайрып, бир топ кишиге кошуп бир автоунаага отургузушту. Жолдо дагы сабап атышты.

Алатау райондук ички иштер бөлүмүнө алып келишти. Күн түш ооп калган эле. Ал жерде да сабашты, анан камап коюшту. Түнү менен отурдук. Эки кыргыз, бир каракалпакстандык аксакал жана дагы үч-төрт казак бала болуп чогуу бир жерде отурдук. Эртең менен башыбызга кийимдерибизди чүмкөп, колдорубузду байлап, дагы машинеге салышты. Түз жол менен бараттык, шаарга баратабыз го деп койдум. Бир убакта караңгы бир жертөлө сыяктуу жерге алып киришти. Ал жерде да тизелетип алып себепсиз сабашты. Же бир кагазга кол кой деген жок, же бир ишти кылгансың деп мойнуңа ал" деген жок, себепсиз эле уруп атышты. Бир кезде жогорку кабатка, жарык жерге алып чыгышты. Адамдар ары-бери басып жүрүшкөнүн сезип аттым. Ал жерде аябай катуу сабашты. Мен колум менен бетимди калкалап, бүрүшүп, корголосом, буттарыма урушту"

Чолпонбектин айтымында, анын буттары сынып, сөөктөрү шымын жыртып чыкканда гана токтотуп, "Тез жардам" чакырышкан.

"Сөөктөр шымымды жыртып чыгып калды, канга чулганып калдым. Эки бутум тең шылкылдап калыптыр. Ооруканага алып барышканда ал жерден дарыгерлер сөөктөрдү туштап, гипске салышты. Мага "операция кыла турган болсок, өтө көп каражат керек болот, андан көрө Кыргызстанга барганда жакшылап операция жасатышың керек" дешти. Менин телефонумду биринчи кармалганда эле алып коюшкан, наркоздон кийин бир да телефон номерди, өзүмдүкүн да эстей албай койдум. Болгону Алматыдагы жашаган жеримди билем, палатадагы башка бейтаптарга келгендерге "ушул дарекке барып менин бул жакта экенимди айтып койгулачы" деп сурандым. Эч ким макул болбоду. Он күндөй жатканымда врач мага "сени чыгарабыз, бара турган жериң барбы?" деди. Мен ага жашаган дарегимди айтып, менчик болсо да "Тез жардам" чакырып берүүсүн, акчасын өзүм төлөй турганымды айттым. "Тез жардам" унаасы мени катталып, жашап жаткан досумдун үйүнө алып келгенде гана алар мага байланыша албай, издеп жүрүшкөнүн билдим. Көп өтпөй, элчиликтин кызматкерлери келишти. Алардын жардамы менен Бишкекке келдим".

Чолпонбекти Казакстандын "Тез жардам" автоунаасы кыргыз-казак чек арасына чейин алып келген, бул жактан аны Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборунун атайын унаасы күтүп турган. Элчиликтин кызматкерлери коштоп, Алматыдан бери келген Чолпонбек Сыдыковду казакстандык чек арачылар кайра текшерип, Казакстанда жүрүү мөөнөтүн өткөрүп жибергени үчүн айыппул төлөтүшкөн.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Чолпонбек Сыдыковдун сабалышына байланыштуу 21-январда Казакстандын Бишкектеги консулун чакырып, бул жарандын саламаттыгына оор залал келтирген казак күч кызматкерлери тууралуу нота тапшырган. Кыргыз тарап бул окуянын адилет, акыйкат иликтеп-тергелиши, күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылышы, Сыдыковго кенемте төлөнүшү керектигин билдирген.


Чолпонбек Сыдыков учурда операцияга даярдалууда. Анын буттарына оор операция жасаларын дарыгери, Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборунун Травматология бөлүмүнүн башчысы Убайдилла Насиров "Азаттыкка" билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Сыдыковдун сынган буттарына Казакстанда гипс гана салынган.

Убайдилла Насиров
Убайдилла Насиров

"20-январь күнү Алматы шаарынан "Тез жардам" менен алып келинген Чолпонбек Сыдыковдун абалы оор болчу. Жандандыруу бөлүмүнө жаткырганбыз. Ал жерде бир күн жаткан соң, палатага чыгардык. Азыр абалы туруктуу орто абалда. Эки буту тең балтыр сөөгүнөн ачык түрдө сынган. Азыркы учурда абалы туруктуу, пландуу түрдө эки күндөн кийин операция жасалат. Эки бутуна тең атайын пластина коюлат. Мындан тышкары мээси чайкалган, азыр дарылап жатабыз. Сол жагынан үч кабыргасы сынган, азыр өпкөгө коркунучу жок. Ушул тапта абалы туруктуу орто, каны азыраак. Буйруса, калыбына келери менен, шаршемби күндөрдөн операция жасалат".

Чолпонбек Сыдыковдун жакындары бир нече күн анын дайынын биле алышкан эмес. Ушул тапта ооруканада карап жаткан таежеси Бейшенкүл инисин соцтармактар аркылуу издеп табышканын айтты:

Бейшенкүл - тайэжеси.
Бейшенкүл - тайэжеси.

"Чолпонбекке Айгүл аттуу таанышы издөө салган экен. Биз дагы анын Фейсбуктан жазганын окуп, анан издей баштадык. 10 күн издедик. 10 күн ал кадимки эле ооруканада жатыптыр. Бирок аны эч ким таба албай койгон. Бул кандайча болуп калды? Азыркыга чейин түшүнө албайм. Кыргызстандын Алматыдагы консулдугунда иштеген кызматкерлер шаардагы оорукана, өлүккана бары-жогун карап, издешкенин, таба алышпаганын айтышты да. 19-январда кечке жуук гана биз анын Алматыда ооруканада дарыланганын, эртеси Бишкекке алып келинерин уктук. Элчиликтин кызматкерлерине жана Ассоль Молдакматовага ыраазыбыз, минтип көрүшүп отурабыз".

"Үч оорукана алмаштырдым"

24-январда Казакстанда сабалган дагы бир кыргызстандык жаран, пианист Викрам Рузахунов Instagram баракчасына Казакстанда кармалып турганда катуу сабалганын айтып чыкты.

“Мен азыр ооруканада дарылануудамын. Үч оорукана алмаштырдым. Канчалык азап жана оорууну баштан өткөргөнүмдү жакындарым менен медицина кызматкерлери гана көрүштү”, - деп жазды пианист Викрам Рузахунов Instagram баракчасына.

Музыкант өз билдирүүсүндө, кабыргалары сынганын, көкүрөгүндөгү жараатын, баш мээси чайкалганын жана башка жарааттарды алганын билдирген. Казакстандын күч кызматтары паспортун, акчасын, айдоочулук күбөлүгү менен банк картасын белгисиз жагдайда алып коюшканын айтат. Ошондой эле ал Казакстандан Кыргызстанга келген учурдагы билдирүүсү боюнча дагы түшүндүрмө берген.

“Менин бардык расмий билдирүүм ошол учурда Казакстанда барымтада тургандар үчүн болгон. Көпчүлүгүнүн балдары, үй-бүлөсү бар. Көбү карыган ата-энелеринин, майыптыгы бар карындашынын жалгыз багуучусу. Менин ар бир сөзүм аларга таасирин тийгизиши мүмкүн эле”, - деген Викрам Рузахунов. Ошол кезде кеңири маек берүүгө тыюу салынганын жазды.

9-январда "Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы" бети-башы көгөрүп, токмоктолгон Викрам Рузахуновдун видеосун көрсөткөн. Анда кыргызстандык пианист аны “белгисиз адамдар” 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге чакырганын айткан. Аны таанып-билгендер жана социалдык тармактардын колдонуучулары музыкант кыйноого кабылганынан улам ушундай сөздөрдү айтууга мажбур болушу ыктымалдыгын жазышкан.

Кыргыз бийлигинин аракети менен Казакстандан 10-январда Кыргызстанга кайтарылган музыкант Викрам Рузахунов: " 4-5-6-январь күндөрү батирден чыккан жокмун. Бирок абал курчуп, интернет өчүрүлдү, азык-түлүк дүкөндөрү иштебей калды. Ошондуктан үйгө кетүүгө аракет кылдым. 7-январда такси кармап Бишкекке кетип баратканда Самсы айылынан аскерлер кармады", - деген Рузахунов. Бети-башы аскерлер кармаган учурда көгөргөнүн, башаламандыкка жалданып келгени тууралуу моюнуна алган видеону кыйноо жолу менен эмес, камерада чогуу отургандардан Кыргызстанга тез кайтуунун жолу катары угуп өзү айтканын кошумчалаган.

Акыйкатчы институту БУУга кайрылат

Кыргызстандык жарандар Чолпонбек Сыдыков менен Викрам Рузахуновдун сабалышына байланыштуу Акыйкатчы институту Казакстандын Омбудсменине жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары комитетине кайрылды. Бул тууралуу Акыйкатчынын орун басары Альберт Көлөпов "Азаттыкка" билдирди.

Альберт Көлөпов.
Альберт Көлөпов.

"Чолпонбек Сыдыковдун сабалышы боюнча Акыйкатчы катары дароо реакция жасалды. Чолпонбектин өзүнө жолугуп, анын казак полициясы тарабынан кыйноого кабылышына байланыштуу Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине да кайрылдык. Мындан тышкары Казакстандын Омбудсмени Эльвира Азимовага кат менен кайрылдык. Ошондой эле Чолпонбек Сыдыковду Стамбул протоколунун негизинде медициналык кароодон өткөрүү өтүнүчүбүз аткарылды. Анын негизинде биз Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары комитетине да кайрылып жатабыз".

Казакстандын Алматы шаарындагы башаламандыктан кийин дайыны чыкпай жаткан дагы бир кыргызстандык Алтынбек Сүйүнбек уулу 21-январда табылды. Бул маалыматты "Азаттык" радиосуна Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов ырастады. Анын айтымында, дайыны жаңы чыккан кыргызстандык жаран Алматыда сабалып Кыргызстанга алып келинген Чолпонбек Сыдыков менен чогуу бир таксиде болгон.

Назарали Арипов.
Назарали Арипов.

"Таксиде эки адам болгон. Муну ондорунда бошотуп жиберишкен экен, ошондон кийин чакырган (Казакстанга - ред.) адамдардын үйүндө жатыптыр. Кечээ таптык, аны менен сүйлөштүк. Балдар барып кабар алып, апасы менен байланыштырдык. Абалы жакшы, бул жакта эле калып ишин улантмай болду. Ал Бишкектен 3-январда учуп келген. Досторунукунда туруп, 8инде кетем дегенде Сыдыков менен бирге болгон экен. Бүгүнкү маалымат боюнча дайынсыз болуп жаткан Кыргызстандын жарандары жок. Кыргызстандыктар митингге, талап-тоноолорго катышкан эмес", - деди Арипов.

Арипов буга чейин Алтынбек Сүйүнбек уулунун дайыны чыкпай жатканын айтып анын жакындары кайрылышканын билдирген.

Казакстандагы соңку окуялардан улам жалпысынан он кыргызстандык жаран кармалган, алардын баары бошотулду, эки кыргыз жараны каза болду.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери алгач 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Ал башаламандык талап-тоноолор, тоз-тополоң менен коштолгон.

Тополоңдо каза болгондордун саны 227га жетти. 10 миңдей адам кармалып, 700дөй кылмыш иши козголгону кабарланды.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG