Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:12

Алматыда сабалган Сыдыковду Стамбул протоколу боюнча медициналык кароодон өткөрүү сунушталды


Чолпонбек Сыдыков 21-январда Алматыдан Бишкекке "Тез жардам" унаасы менен жеткирилди.
Чолпонбек Сыдыков 21-январда Алматыдан Бишкекке "Тез жардам" унаасы менен жеткирилди.

Кыргызстандын Акыйкатчы институту Алматыда сабалган кыргызстандык жаран Чолпонбек Сыдыковго байланыштуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналивге кат жолдоду.

Анда Сыдыковду Стамбул протоколунун негизинде медициналык кароодон өткөрүү өтүнүчү камтылган.

"Сыдыковду Стамбул протоколуна ылайык медициналык кароодон өткөрүүнү жана экспертизанын жыйынтыгы тууралуу маалымат берүүнү суранабыз”, - деп жазылган Акыйкатчы институтунун кайрылуусунда.

Казакстандын Алматы шаарында башаламандыктарга байланыштуу кармалып, катуу сабалган кыргызстандык жаран Чолпонбек Сыдыков 20-январда Бишкекке "Тез жардам" кызматы менен жеткирилип, 4-ооруканага жаткырылды. Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов 11 күндөн кийин дайыны чыккан Сыдыков 8-январда Бишкекке кетип баратканда Алматынын чыга беришинде кармалганын билдирген. Ал катуу токмоктолуп, эки буту, кабыргасы сынганы белгилүү болгон.

Сыдыковдун жакындары ал эмерек орнотуучу болуп Алматыга барып-келип иштеп жүргөнүн, күч кызматкерлери кармап, Кошмамбет айылын көздөй алып кеткенин жазышкан.

Казакстандын Бишкектеги консулу Чолпонбек Сыдыковго байланыштуу 21-январда Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Аталган мекеме анда бул жарандын саламаттыгына оор залал келтирген казак күч кызматкерлери тууралуу нота тапшырылганын маалымдады. ТИМ тараткан маалыматта кыргыз тарап бул окуянын адилет, акыйкат иликтеп-тергелиши, күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылышы, Сыдыковго кенемте төлөнүшү керектигин билдиргени айтылган.

Казакстандагы соңку окуялардан улам жалпысынан он кыргызстандык жаран кармалган, алардын баары бошотулду, эки кыргыз жараны каза болду.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери алгач 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Ал башаламандык талап-тоноолор, тоз-тополоң менен коштолгон.

Тополоңдо каза болгондордун саны 227га жетти. 10 миңдей адам кармалып, 700дөй кылмыш иши козголгону кабарланды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG