Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:13

Франциянын Улуттук ассамблеясы Шинжаңдагы “геноцидди” айыптаган резолюция кабыл алды


Франциянын парламентинин төмөнкү палатасы – Улуттук жыйналыш
Франциянын парламентинин төмөнкү палатасы – Улуттук жыйналыш

Франциянын парламентинин төмөнкү палатасы – Улуттук жыйналыш Кытайдын бийлигин “уйгурларга жана башка азчылык улуттарга карата геноцид” үчүн айыптаган резолюция кабыл алды.

Документ 169 “макул”, бир “каршы” добуш менен бекитилди. Анда Франциянын аткаруу бийлигине эл аралык коомчулук менен чогуу Кытайдын бийлигине таасир этип, Шинжаңдагы азчылык элдин укугун коргоо тапшырмасы коюлду.

Мурдагы жылы Улуу Британиянын Жамааттык палатасы жана Нидерланд менен Канаданын парламенттери кабыл алган ушундай эле резолюцияларга Кытай бийлиги тескери жооп берген.

Кытайдын Шинжаң уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган мусулман жамааттарынын өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет. Аларда 1 миллионго чейинки адамдар бар экени айтылып жүрөт.

Буга чейин АКШнын өкмөтү, Британия, Нидерланд, Канаданын парламенттери Кытайдын аракеттерин геноцид деп таанып, санкцияларды киргизген.

АКШ жана башка эл аралык укук коргоо уюмдары Бээжин уйгурларга каршы геноцид кылып жатат деп айыпташкан. Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG