Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:00

Евробиримдик гуманитардык кризиске байланыштуу Ооганстан менен мамилесин жандантты


Ооганстандагы балдардын тамак жеп жаткан учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Ооганстандагы балдардын тамак жеп жаткан учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Европа Биримдиги беш айлык тыныгуудан кийин Ооганстандагы ачарчылыкка байланыштуу бул өлкө менен карым-катышын жандантканын жарыялады. Уюмдун жетекчилиги бул Кабулдун башында турган “Талибан” кыймылын таануу эмес экендигин белгилеп, мамиле гуманитардык көмөк көрсөтүү үчүн гана минималдуу түрдө калыбына келтирилерин кабарлады.

Ушул аптанын соңунда ымаланы жумшартуу ыкмаларын сүйлөшүү үчүн талибдердин делегациясы Норвегиянын борбору Ослого келери маалымдалды. Норвегия өкмөтү бул “Ооганстанда күчөп жаткан гуманитардык катастрофанын алдын алуу” максатында ишке ашырылып жатканын билдирди.

2021-жылдын август айында ооган бийлигин талибдер басып алгандан кийин башка өлкөлөр сыяктуу Евробиримдиктеги 27 мамлекет да Кабулдагы дипломаттарын чыгарып кеткен.

Өлкөнү "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган) кыймылы башкарганга чейин эл аралык коомчулук берип жаткан жардам Ооганстандын ички дүң өндүрүмүнүн 40%ын жана бюджетинин 80%ын түзүп келген. Талибдер Кабулду басып алгандан кийин сырттан колдоо токтогон. Ооганстандын борбордук банкынын сырттагы резервдериндеги 9,5 млрд. долларлык каражатын пайдаланууга чектөө коюлган. Ал каражаттар негизинен АКШда жайгашкан.

Ооганстандын көпчүлүк аймагын каратып алгандан кийин “Талибан” кыймылы 2021-жылдын 15-августунда Кабулду басып алган. Мурдагы бийлик борборду кармашуусуз таштап чыгып кеткен. Президент Ашраф Гани өлкөдөн качып кеткен, учурда бийлик талибдердин колунда.

Андан кийин өлкөнү жутчулук каптады. БУУ 39 млн. калкы бар Ооганстандын 23 миллионго чукулу ачарчылыкка дуушар болушу мүмкүн экенин эскерткен. Тамак-аш жетишсиздигенен жарандар, көбүнчө балдар чарчап калып жатканы тууралуу маалыматтар бар. Жашоочулар тамак үчүн балдарын сатып жатканы айтылып жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG