Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:45

Орусия биргелешкен машыгуу үчүн Беларуска С-400 ракеталарын алып келди


Орусиянын С-400 зениттик ракеталык комплекстери.
Орусиянын С-400 зениттик ракеталык комплекстери.

Орусия чек арада өткөрө турган биргелешкен аскердик машыгуу үчүн эки С-400 зениттик ракеталык комплекстерин Беларуска алып келди. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги кабарлады.

Москва мындан сырткары окуудан өтүү үчүн Су-35 үлгүсүндөгү 12 истребител учактары жана “Панцирь” ракеталык комплекси да жеткирилгенин маалымдады.

Мурдараак Александр Лукашенко Беларустун батыш жана түштүк чек араларында – Польша менен Украина чектешкен жерлерде Орусия жана Беларустун куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен машыгуулары өтөрүн жарыялаган. Ал машыгуунун максаты Батыштын күчтөрү менен каршы турууга даярдыкты текшерүү болуп саналарын айткан.

Биргелешкен машыгуу өткөрүү Орусия Украинанын чек арасына аскерлерин тартып, өлкөгө кол салышы мүмкүн деген тушта белгилүү болуп жатат. Орус-украин чек арасында чыңалуу ушул тапта кыйла курчуду.

21-январда Женева шаарында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун сүйлөшүүсү аяктады. Тараптар анда бир пикирге келе алган жок.

АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30дай мамлекет мүчө болгон НАТОго Украинаны кошуу маселеси былтыр жайда каралган. Мындан кийин Орусия Украинанын чек арасына 100 миңдей аскерин тартып, буга каршылык билдирген. АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыптаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG