Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Рузахунов Алматыдан келгенден кийин ооруканада операция болгонун айтты


Музыкант Викрам Рузахунов
Музыкант Викрам Рузахунов

10-январда Алматыдан мекенине жеткирилген пианист Викрам Рузахунов Бишкекте оорукананын реанимация бөлүмүнө түшүп, операция болгонун билдирди. “Мен азыр ооруканада дарылануудамын. Үч оорукана алмаштырдым. Кандай азап чегип, жаным кыйналганын жакындарым менен медицина кызматкерлери гана көрүштү”, - деп жазды музыкант Instagram баракчасына.

Пианист кабыргалары сынып, жылышканын, көкүрөгүндөгү жаракатын, баш мээси чайкалганын жана башка алган жарааттарын санады. Казакстандын күч кызматтары анын паспортун, акчасын, айдоочулук күбөлүгү менен банк картасын тартып алып, кайра бербей коюшканын айтат. Ошондой эле ал Алматыдан Бишкекке келген учурдагы билдирүүсү боюнча дагы түшүндүрмө берген.

“Менин бардык расмий билдирүүм ошол учурда Казакстанда барымтада тургандар үчүн болгон. Көпчүлүгүнүн балдары, үй-бүлөсү бар. Көбү карыган ата-энелеринин, майып карындашынын жалгыз караганы. Менин ар бир сөзүм аларга таасирин тийгизиши мүмкүн эле”, - деген Рузахунов ошол кезде ээн-эркин сүйлөй албаганынын себебин түшүндүрдү.

9-январда "Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы" бети-башы көгөрүп, токмоктолгон Викрам Рузахуновдун видеосун көрсөткөн. Анда кыргызстандык пианист аны “белгисиз адамдар 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге чакырганын" айткан. Аны таанып-билгендер жана социалдык тармактардын колдонуучулары музыкант кыйноодон кийин ушундай сөздөрдү айтууга мажбур болушу ыктымал деп шектенишкен.

Кыргыз бийлигинин аракети менен музыкант 10-январда Алматыдан Бишкекке жеткирилген. " 4-5-6-январь күндөрү батирден чыккан жокмун. Бирок абал курчуп, интернет өчүрүлдү, азык-түлүк дүкөндөрү иштебей калды. Ошондуктан үйгө кетүүгө аракет кылдым. 7-январда такси кармап, Бишкекке кетип баратканда Самсы айылынан аскерлер кармады", - деген Рузахунов.

Бети-башы аскерлер кармаган учурда көгөргөнүн, башаламандыкка "жалданып келгени тууралуу моюнуна алган видеону кыйноо жолу менен эмес, камерада чогуу отургандардан "Кыргызстанга тез кайтуунун жолу катары угуп", өзү айтканын кошумчалаган.

Музыкант аны мекенине алып келгени үчүн кыргыз бийлигине жана кыйын маалда колдогон элине ыраазычылык билдирген. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG