Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:43

"Талибандын" делегациясы менен ооган жарандык коомунун өкүлдөрү Ослодо сүйлөшүү баштады


Норвегиянын башкалаасына аттанган талибдердин делегациясы. Кабул аэропорту, 22-январь 2022-жыл
Норвегиянын башкалаасына аттанган талибдердин делегациясы. Кабул аэропорту, 22-январь 2022-жыл

Ооганстандагы бийликке кайтып келгенден бери биринчи жолу Европага визит жасаган талибдердин делегациясы Ослодо ооган жарандык коомунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү баштады. Бул тууралуу Норвегиянын Тышкы иштер министрлиги 23-январда кабарлап, жолугушуунун негизги темасы адам укуктары маселеси болорун кошумчалады. Талибандын тобун тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки жетектеп барды. 25-январга чейин оогандык аял-активисттер, журналисттер жана Батыш дипломаттары менен сүйлөшүүлөр жүрмөкчү.

Тараптар адам укуктарынын абалы, гуманитардык, экономикалык, социалдык жана саясий маселелерди козгошорун Норвегиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

АКШнын делегациясын Ооганстан боюнча атайын чабарман Том Вест жетектейт. Мамлекеттик департамент жасаган билдирүүгө караганда, “коомдун бардык өкүлдөрү камтылгандай саясий система түзүү керектигин, гуманитардык жана экономикалык кризисти жөнгө салууну, коопсуздук жана терроризм менен күрөштү, адам укуктарын, асыресе кыз-келиндердин билим алуусун талкуулоо пландалууда".

Ошол эле маалда Норвегиянын тышкы иштер министри Анникен Хуитфелдт бул сапар “Талибанды” таанууга же легитимдештирүүгө жатпайт” деп 21-январда баса белгилеген.

Буга чейин скандинавиялык бул мамлекет бир нече жолу тынчтык процесстерине катышкан. Мисалы, Мозамбик, Ооганстан, Венесуэла, Колумбия, Израил менен Палестин аймактарында, Сирияда тынчтык орнотуу аракеттерин атаса болот.

"Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган) бийликти басып алган былтыркы август айынан бери Ооганстанда адам укуктары одоно бузулуп келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG