Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:13

Блинкен Орусияга эскертүү иретинде санкция салууга каршы


АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. Киев, 19-январь 2022-жыл
АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. Киев, 19-январь 2022-жыл

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусияга эскертүү иретинде санкция салуу чакырыктарын четке какты. Андай кадам Батыштын Москванын Украинага ыктымал агрессиясынын алдын алууга кудурети жетпейт дегенди туюндурат, - деп эсептейт Блинкен. Мамкатчы мындай оюн 23-январда CNN телеканалынын берүүсүндө билдирди.

Орус аскерлеринин оккупацияланган Крымда жана Украина менен чек ара аймагына тартылышы орустардын чабуулу чечилген иш деген тынчсызданууну күчөттү. Москва кошуна өлкөгө кирип барса, Вашингтон жана европалык өнөктөштөр экономикалык санкциялар киргизилерин эскертүүдө. Орусия бийлиги аскердик агрессияны пландабаганын айтып келатат.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Батыш санкцияларды азыр салышы керектигин айтып келет. Ал Орусия чабуул койгондон кийин көрүлгөн жазалоочу чаралар анын өлкөсүнө жардам бербейт деп эсептейт.

Блинкен жогоруда айтылган интервьюсунда “бир эле орус аскери агрессивдүү түрдө” Украинага кире турган болсо, АКШ жана Европа тез жана катаң жооп кайтарарын эскертти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG