Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

Ташиев: Мамлекеттик кызматкерлердин дипломдору жапырт текшерилет


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январда өткөргөн басма сөз жыйынында өлкөдөгү бардык мамлекеттик кызматкерлердин жогорку билими тууралуу дипломдору алдыдагы үч айда толук текшерилерин кабарлады.

Анын айтымында, мындай тапшырманы президент Садыр Жапаров берди.

"Азыр айыл өкмөттөрүнөн баштап, министрликтерге чейин, депутаттардын да жогорку билими тууралуу дипломдору текшерилет. Биринчи кезекте кызматкердин жарандыгын, андан кийин билимин тастыктаган документин карайбыз. Эгерде жасалма диплом менен кимдир бирөө аныкталса аны кызматынан алабыз, мамлекетке ошончо жыл келтирген зыянын сот аркылуу төлөттүрөбүз", - деди Ташиев.

20-январда Борбордук шайлоо комиссиясы Орозайым Нарматованы Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыратты. Мындай чечимге Нарматова жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болду.

Кыргызстанда жогорку жетекчилердин жасалма документке байланыштуу чыры буга чейин да катталган. Айрым депутаттардын кош жарандуулугу аныкталып, мандатынан кол жууса, жасалма диплом алганы билинип калып айып төккөндөр да болгон. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG