Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

Иранда абакка кесилген британ жараны ачкачылык жарыялады


Ануш Ашури жубайы менен.
Ануш Ашури жубайы менен.

Иранда "тыңчылык кылган" деген айып менен камалган британ жараны нааразылык иретинде ачкачылык акциясын баштады. Эки мамлекеттин кош жарандуулугу бар 67 жаштагы Ануш Ашури 2019-жылы Израилдин "Моссад" чалгындоо агенттигинин пайдасына тыңчылык кылган деп айыпталып, 12 жылга эркинен ажыратылган.

Анын кызы Элика Ашури социалдык тармактар аркылуу видео кайрылуу жолдоп, анда Тегерандагы Эвин түрмөсүндө отурган атасы, эч кандай жылыш көрө албагандыктан ачкачылык акциясын баштаганын айткан.

Элика Ашури Иранда кармалып тургандардын абалы АКШ, Европа жана Британиянын артыкчылыктуу маселеси экенин көрсөткөн эч бир белгилерди көрбөй жатканын кошумчалаган. Ошондой эле атасы жакында 68ге чыга турганын, анын ден соолугуна тынчсызданып жатканын, бул кайрылуу менен кош жарандыгы бар, Иранда кармалып турган чет элдиктердин абалына көнүл бурдурууну көздөп жатканын белгилеген.

Иранда Ашури менен дагы эки жаран тыңчылыкка айыпталып камалган. Алардын бири Британ кеңешинде иштеген Арас Амири 10 жылга, Али Жохари "Моссад" менен байланышы бар деген айып менен 12 жылга кесилген.

Иран кош жарандуулукту тааныбайт.

Ашуринин нааразычылыгы декабрда Иранда тыңчылыкка айыпталып камалган Франциянын жаранынын ачкачылык акциясын улай болду. 20-январда сот алдына чыккан 36 жаштагы Бенжамин Бриер ачкачылыктан кийин кыйла алсыраганын билдирген.

Бриер 2020-жылдын май айында Түркмөнстан менен Ирандын чек арасына жакын жердеги чөлдө алыстан башкарылуучу мини тик учакта учкандан кийин Иранга каршы "тыңчылык кылган" деп айыпталган. Иранда таңчылык кылгандарга өлүм жазасы каралган.

Француз жараны боюнча чечим жакынкы кундөрү чыгары күтүлүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG