Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:49

Төкмө акындар нааразылыгын милициянын алдында ыр менен билдирүүдө


Төкмө акын Азамат Болгонбаев.
Төкмө акын Азамат Болгонбаев.

Ушу тапта Бишкек шаардык милициясынын алдында кечээтен бери камакта отурган төкмө акын Болот Назаровдун бошотулушун талап кылган акция уланууда. Ага катышкан белгилүү төкмө акындар окуя тууралуу пикирин ыр менен билдирип, бийликти адилет чечим кабыл алууга үндөп жатышат.

Иликтөөчү журналист Болот Темировду жана Болот Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен. Кеңседе тинтүү жүргүзүлүп, компьютерлерди алып кетишкен.

Адвокат Нурбек Токтакунов кылмыш иши Жазык кодексинин 287-беренеси (Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү) менен козголгонун айткан.

Айыптар жана беренелер боюнча мындан башка расмий маалымат азырынча жок.

Темиров 23-январда түштөн кийин бошотулду. Андан мурдараак ИИМ өкүлү ал эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде бошотулуп жатканын айткан.

Назаров 48 саатка милициянын убактылуу кармоочу жайына камалганы белгилүү болду. Анын бөгөт чарасы азырынча карала элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январда пресс-конференцияда наркологиялык текшерүүдөн Темировдун анализи таза, Назаровдуку таза эмес чыкканын айткан.

Адвокат Токтакунов Темировго да, Назаровго да кармоо учурунда маңзатты атайылап салып коюшканын айтууда. Күч органдары буга жооп бере элек.

Жакында Темиров УКМК башчысы Ташиевдин туугандарына байланыштуу жемкорлук тууралуу иликтөө жарыялаган.

Ташиев 23-январдагы пресс-конференцияда мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айтты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG