Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:49

24-январдын аба ырайы


Кыргызстан.
Кыргызстан.

24-январда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Нарын облусунун тоолорунда кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 0…5;

Талас жергесинде түнкүсүн -3...-8, күндүз -2…+3;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -5…-10;

Бийик тоолордо түнкүсүн -23…-28, күндүз -8…-13 градус суук болот.

Бишкекте түнкүсүн бир аз кар жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз 3…5 градус жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG