Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:04

Болгонбаев: Болот Назаров чыгармачылыгы, акыйкат пикири үчүн кармалды


Төкмө акын Азамат Болгонбаев.
Төкмө акын Азамат Болгонбаев.

Ички иштер министрлигинин имаратынын алдына иликтөөчү журналист Болот Темиров жана төкмө акын Болот Назаровдун бошотулушун талап кылган митингге журналисттерден сырткары чыгармачыл адамдар, айрым жазуучулар, төкмө акындар чыгышты. Алардын бири - төкмө акын, Эмгек сиңирген артист Азамат Болгонбаев Кыргызстан эгемендик алган 30 жылда бийликти катуу сындап келген акынды камоо фактысы болбогонун айтты.

"Байыркы Токтогул акыйкатты ырдаган үчүн дарга асылган, кийинки Токтогул акыйкатты ырдаган үчүн Сибирге сүргүнгө айдалган. Бүгүнкү Болот Назаровдун кармалышы дагы акындык чыгармачылыгына байланыштуу деп эсептейм. Көп жылдардан бери акындар, анын ичинде Назаров дагы коомдук, жарандык, акындык пикирин калыс, акыйкат айтып келген. Токтогулдарды дарга асып, сүргүнгө айдагандардын азыр дайыны жок, аларды тааныбайбыз. Бирок Токтогул түбөлүк сакталып калды. Акаев доорунда, Бакиев мезгилинде, Атамбаев учурунда дагы акындар тарабынан ачуу сындар айтылган. Бирок акындарды, ошонун чыгармачылыгына шылтоо кылып, акыйкат сөзүн токтотуш, коркутуш үчүн башка шылтоолорду негиз кылып камап жатканы 30 жылда биринчи болуп жатат. Акынды камаган бийликтин келечеги жок болот, акындын эркиндигин чектеген бийлик эртеңки күнү болбой калышы мүмкүн. Болот Назаровду бошотуп, ишти тергей берсин", - деди Болгонбаев.


Иликтөөчү журналист Болот Темиров кармалган кылмыш ишинин алкагында жалпысынан эки адам шектүү катары өтүп жатканын, бири Темиров, экинчиси төкмө акын Болот Назаров экенин бүгүн, 23-январда ИИМдин башкармалык башчысы Сапарбек Аманкулов мекеменин алдындагы тынч митингде журналисттерге билдирди.


22-январда күч органдары Болот Темировдун кеңсесинде тергөө амалдарын жүргүзүп, журналистти кармап кетишкен. Ал милиция кызматкерлери алып баратканда "мага чагым болду, атайлап салып коюшту" (белгисиз затты) деп айтууга үлгүргөн.

УКМК төргасы Камчыбек Ташиев 23-январдагы брифингде иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы тууралуу айтып, баңгизатка байланыштуу жазылган арызда Temirov LIVE каналынын кеңсеси көрсөтүлгөнүн айтты. Атайын кызматтын төрагасы баңгизатка байланыштуу төкмө акын Назаровго каршы арыз жазылганын, текшерүүдө анын канынан баңгизат чыкканын билдирген.

Темиров өзү муну журналисттик ишмердүүлүгү, өзгөчө соңку иликтөө материалында байланыштырып жатат. Акын Болот Назаров бийликти сындап, коррупциялык иштерди ырга салып төгүп жүргөн.

Бул окуялардын алдында Болот Темировдун Temirov LIVE деп аталган YouTube-каналы "Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөөсүн жарыялаган.

Ташиев иликтөөдөгү маалыматтарды четке кагып, "жалган жалаа" деп атады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG