Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:48

Медиа жана жарандык коомдун өкүлдөрү Темировдун кармалышына байланыштуу кайрылуу жолдоду


Журналист Болот Темировду жана төкмө акын Болот Назаровду колдоо митинги. 23-январь, 2022
Журналист Болот Темировду жана төкмө акын Болот Назаровду колдоо митинги. 23-январь, 2022

Кыргызстандагы медиа сектор жана жарандык коомдун өкүлдөрү иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы жана Temirov LIVE деп аталган YouTube-каналынын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүшүнө байланыштуу ачык кайрылуу жолдошту. Анда "мурдагы жана азыркы бийлик төбөлдөрүнүн, саясатчылардын коррупциялык фактыларын иликтеген журналист кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү же террористтей кармалганы" сынга алынган. Бул аракеттер мыйзамдарга карама-каршы келе турганы айтылган.

"Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мындай жүрүм-туруму Жазык-процессуалдык мыйзамдарда белгиленген ченемдерди бузуп, "күч органдары алдыдагы тергөөгө таасир эте турган аракеттерди жасай беришет тура" деген ойду жаратат. Укук коргоо органдарынын иш-аракеттери Болот Темировдун жана анын кесиптештеринин кесиптик ишмердигине байланыштуу, алар коомдо чоң резонанс жараткан журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүп, жогорку кызматтагы, анын ичинде укук коргоо органдарынын, ошондой эле мындай чиновниктерге тиешеси бар адамдардын коррупциялык жана кызматына кыянаттык кылуу фактыларын ашкерелеп келген", - деп жазылат кайрылууда.

Болот Темировго жана Темиров Live командасынын башка кызматкерлерине карата укук коргоо органдарынын аракеттери Конституциясынын 10-беренесине (жалпыга маалымдоо каражаттары эркин, аларга маалымат алуу жана таратуу укугу жана өз оюн эркин билдирүү укугу кепилденет), Конституциянын 57-беренесине (ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда белгиленген тартипте далилденмейинче жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү чыкканга чейин кылмыш же жорук жасагандыгы үчүн күнөөсүз деп эсептелет; мыйзамды бузуу менен алынган далилдер айыпты негиздөө жана сот чечимин чыгаруу үчүн колдонулушу мүмкүн эмес) карама-каршы келе турганы белгиленген.

Ошондой эле укук коргоо органдарынын аракеттери "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө" жөнүндө мыйзамдын беренелерин бузары көрсөтүлгөн.

Медиа тармак жана жарандык коомдун өкүлдөрү Конституциянын кепилдиги болгон президентке кайрылып, Темиров Live командасынын журналисттерин укук коргоо кызматкерлеринин кысымынан коргоого, Болот Темировду кармоо, Темиров Live кеңсесин тинтүү, жабдууларды жана техникаларды тартып алуу боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракеттери боюнча териштирүү жүргүзүүнү, башкы прокурорго ушул иштер боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракеттерине иликтөө жүргүзүүнү, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракеттери боюнча тергөөнүн жыйынтыктарын коомчулукка жарыялоого жана ишти сотко өткөрүүгө, ички иштер министрин журналист Болот Темировду токтоосуз бошотууга чакырышкан.


22-январда күч органдары Болот Темировдун кеңсесинде тергөө амалдарын жүргүзүп, журналистти кармап кетишкен. Ал милиция кызматкерлери алып баратканда "мага чагым болду, атайлап салып коюшту" (белгисиз затты) деп айтууга үлгүргөн. Каналдын кызматкерлери, журналисттер кеңседе бардык комьютерлер милиция тарабынан алынганын кабарлашкан.

Ташиев брифингде иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы тууралуу айтып, баңгизатка байланыштуу жазылган арызда Temirov LIVE каналынын кеңсеси көрсөтүлгөнүн айтты.

Темиров муну журналисттик ишмердүүлүгү, өзгөчө соңку иликтөө материалында байланыштырып жатат.

Бул окуялардын алдында Болот Темировдун Temirov LIVE деп аталган YouTube-каналы "Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөөсүн жарыялаган.

Учурда Болот Темировдун бөгөт чарасы сотто каралып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG