Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:59

Болот Темировду кармоонун мыйзамдуулугу сотто каралып жатат


Свердлов райондук соту. 20220-жылдын 23-январы.
Свердлов райондук соту. 20220-жылдын 23-январы.

Журналист Болот Темировдун бөгөт чарасы ушу тапта Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатат. Сот кызматкерлери дем алыш күндөрү отурумдар жабык өтөрүн жүйө келтирип, залга журналисттерди киргизген жок.

Темиров эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен чыгарылганын бир аз мурдараак Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын көзөмөлдөө, усулдук башкармалыгынын башчысы Сапарбек Аманкулов билдирген. Ал "тергөөчү өзүнүн эч жакка чыкпоо тууралуу токтомун чыгарды. Азыр сотто анын кармалганынын мыйзамдуулугу каралып жатат. Сот бүтсө эле кое берилет" деген.

Соңку жарыяланган иликтөөсүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин аты аталган Temirov Live YouTube каналынын негиздөөчүсү Болот Темиров 23-январга караган түнү кармалган.

Адвокат Нурбек Токтакунов Темировго Кылмыш-жаза кодексинин 287-беренеси (Маңзат жана психотроптук заттарды колдонууго азгыруу) боюнча иш козголгонун билдирген. Ага чейин журналист өзү тинтүү учурунда күч кызматкерлери аны көмкөрөсүнөн жаткырып, арткы чөнтөгүнөн белгисиз зат таап чыгышканын айткан. Темиров ал "белгисиз зат" аныкы эмес экенин кошумчалаган.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январда маалымат жыйында мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айтты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG