Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Ташиев: Temirov LIVE каналынын компьютерлери текшерүүлөрдөн кийин кайтарылат


Болот Темировдун кеңсесинде тинтүү жүрүп жаткан учур. 22-январь, 2022-жыл.
Болот Темировдун кеңсесинде тинтүү жүрүп жаткан учур. 22-январь, 2022-жыл.

Ар кайсы темада иликтөө материалдарды даярдап келген Temirov LIVE деп аталган YouTube-каналынын комьютерлери текшерүү иштеринен кийин кайтарылып берилет. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 23-январдагы маалымат жыйында билдирди.

"Сөз эркиндиги деп айрым кылмыштарды жаап-жашырууга моралдык укугубуз жок. Эгер кылмыш болсо бардык техникалары алыныш керек. Балким ал компьютерде маңзат тууралуу маалыматтар, баасы, кимдерден алып жатканы жана башка маалыматтар жазылгандыр. Алардын компьютеринде криминалдуу, мамлекетке зыян келтире турган эч нерсе жок деп ишенем. Андай шартта кайтарылып берилет", - деди Ташиев.

Ал иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышына жана алардын кеңсесинин тинтилишине атайын кызматтын тиешеси жоктугун, ишти ИИМ карап жатканын кошумчалады.

22-январда күч органдары Болот Темировдун кеңсесинде тергөө амалдарын жүргүзүп, журналистти кармап кетишкен. Ал милиция кызматкерлери алып баратканда "мага чагым болду, атайлап салып коюшту" (белгисиз затты) деп айтууга үлгүргөн. Каналдын кызматкерлери, журналисттер кеңседе бардык компьютерлер милиция тарабынан алынганын кабарлашкан.

Ташиев брифингде баңгизатка байланыштуу жазылган арызда Temirov LIVE каналынын кеңсеси көрсөтүлгөнүн айтты.

Темиров жана анын кесиптештери, адвокаттар муну журналисттик ишмердүүлүгү, өзгөчө соңку иликтөө материалында байланыштырып жатат.

Бул окуялардын алдында Болот Темировдун Temirov LIVE деп аталган YouTube-каналы "Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөөсүн жарыялаган.

ИИМ Болот Темиров эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен чыгарылганын 23-январда түшкө маал билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG