Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

ИИМ: Болот Темиров бошотулду


Болот Темиров.
Болот Темиров.

Журналист Болот Темиров эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен чыгарылды. Бул тууралуу 23-январда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын көзөмөлдөө, усулдук башкармалыгынын башчысы Сапарбек Аманкулов журналисттерге билдирди. Ал ИИМдин алдында өтүп жаткан тынч митингдин катышуучуларына чыгып, маалымат берди.

Жакында Temirov LIVE деп аталган YouTube канал "Эки күндө 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөөсүн жарыялаган.

22-январда милиция атайын операция жүргүзүп, Темировду кармап кеткен.

Адвокат Нурбек Токтакунов Темировго Кылмыш-жаза кодексинин 287-беренеси (Маңзат жана психотроптук заттарды колдонууго азгыруу) боюнча иш козголгонун билдирген. Ага чейин журналист өзү тинтүү учурунда күч кызматкерлери аны көмкөрөсүнөн жаткырып, арткы чөнтөгүнөн белгисиз зат таап чыгышканын айткан. Темиров ал "белгисиз зат" аныкы эмес экенин кошумчалаган.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январда маалымат жыйында мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айтты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG