Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

ИИМ алдында Болот Темировдун кармалышына байланыштуу митинг өтүүдө


ИИМ.
ИИМ.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдында ушу тапта иликтөөчү журналист Болот Темировду бошотуу талабы менен тынч митинг өтүүдө. Ага белгилүү журналисттер, укук коргоочулар, блогерлер, жарандык активисттер катышууда.

Журналист Али Токтакунов өз сөзүндө “Журналистти мамлекет ушинтип одоно түрдө кармап кетип жатканы кыргыз журналисттери үчүн өтө кооптуу мезгил келгенинен кабар берет” деди.

Жакында Temirov LIVE деп аталган YouTube канал "Эки күндө 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөөсүн жарыялаган.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январда маалымат жыйында мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айтты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG