Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Милиция төкмө акын Болот Назаровдун кармалышы боюнча маалымат берди


Болот Назаров.
Болот Назаров.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров кармалган кылмыш ишинин алкагында жалпысынан эки адам шектүү катары өтүп жатканын, бири Темиров өзү, экинчиси төкмө акын Болот Назаров экенин бүгүн 23-январда ИИМдин башкармалык башчысы Сапарбек Аманкулов мекеменин алдында тынч митингде журналисттерге билдирди.

“Арыз кимге карата түштү эле? Болот Темировгобу же Болот Назаровгобу? деген суроого ал төмөнкүчө жооп берди:

“Эки жаранга тең козголгон. Экөөнүн макамы – шектүү. Саясий куугунтук эмес, бул жерде толук кандуу тергөө амалдары жүрүп жатат”.

Соңку жарыяланган иликтөөсүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин аты аталган "Temirov Live" YouTube каналынын негиздөөчүсү Болот Темиров 23-январга караган түнү кармалган.

Милиция ага карата маңзатка байланыштуу арыз түшкөнүн билдирүүдө. Өзү тинтүү учурунда күч кызматкерлери аны көмкөрөсүнөн жаткырып, арткы чөнтөгүнөн белгисиз зат таап чыгышканын айткан. Темиров ал "белгисиз зат" аныкы эмес экенин кошумчалаган.

Болот Темиров менен кошо анын кеңсесинде төкмө акын Болот Назаров да кармалганы белгилүү болду. УКМК башчысы Камчыбек Ташиев 23-январда пресс-конференцияда Болот Назаровдун канынан баңгизат чыкканын билдирди. Адвокат Нурбек Токтакунов “Болот Назаров мага “мени деле маски-шоу кылышты, чөнтөгүмө бир нерсени салып коюшту” деп айтты. Өзүнүн чөнтөгүнөн эч нерсе табылган эмес болчу” деп “Азаттыкка” билдирди.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январда маалымат жыйында мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айтты, Темировду “сотко берип, куугунтуктайын деген оюм жок” деди.

ИИМдин соңку маалыматына караганда, Болот Темиров эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен камактан чыгарылды, ал эми Болот Назаров камакта отурат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG