Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:05

УКМК төрагасы протокол чыры боюнча маалымат берди


Камчыбек Ташиев маалымат жыйында. 23-январь, 2022
Камчыбек Ташиев маалымат жыйында. 23-январь, 2022

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январдагы маалымат жыйында Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын башчысы, депутат Адахан Мадумаровдун сурак бериши боюнча журналисттердин суроосуна жооп берди.

"Адахан Мадумаровго байланышкан протокол чыры боюнча менде эч кандай юридикалык маалымат жок. Себеби, ал иштин баарын Башкы прокуратура тергеп жатат. Ошондуктан иштин жагдайлары, анын толуктоолору, андагы иш-аракеттердин баары ошол иштин ичинде болот. Буга байланыштуу мен эч кандай пикир айта албайм. Ал кылмыш Башкы прокуратурада тергелип, жакын арада бүтөт деген ойдомун", - деди Ташиев.

Саясатчы Адахан Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта күбө катары сурала баштаган. Ал жума күнү кезектеги сурактан чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып дүйшөмбү күнү, 24-январда саат 10:30да кайра суракка барарын билдирген.

Мадумаров 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Ал кезде Мадумаров Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу.

Депутат документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап, соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырууда.

Президент Садыр Жапаров 17-январда "Вечерний Бишкек" басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду "чыккынчылык" деп атады. Бийлик кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө Тажикстан ал протоколду бетине кармап жатканын айткан.

XS
SM
MD
LG