Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:48

Адвокат: Болот Назаров 48 саатка камакка алынды


Болот Назаров.
Болот Назаров.

Төкмө акын Болот Назаров 48 саатка камалды. Бул тууралуу 23-январда саат 13:30дар чамасында адвокат Нурбек Токтакунов билдирди. Анын айтымында, Назаров милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мыйзам боюнча, кармалган адамдын бөгөт чарасы 48 саат ичинде аныкталууга тийиш.

Иликтөөчү журналист Болот Темировду жана төкмө акын Болот Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен. ИИМдин маалыматына караганда, кылмыш иши козголуп, экөө тең шектүү катары өтүп жатышат.

Темиров эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде бошотулганы, Свердлов райондук соту тергөөчүнүн кармоо тууралуу чечиминин мыйзамдуулугун карагандан кийин ал эркиндикке чыгарылары айтылууда.

Жакында Темиров жемкорлук тууралуу, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин аты аталган иликтөөсүн жарыялаган.

Ташиев 23-январда маалымат жыйын уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айтты.

Ташиевдин айтымында, Темиров маңзатка байланыштуу арыздын негизинде кармалды.

Адвокат Токтакунов Темировго да, Назаровго да маңзатты атайылап салып коюшканын айтууда.

Төкмө акын Болот Назаров "Ютуб" каналына бир нече ай мурда "Эки дос", "Камчыке, кара калкыңды" деген чыгармаларын жарыялаган, анда өлкө жетекчилеринин сүрөт, видеолору көрсөтүлгөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG