Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:30

Юридикалык жардам көрсөткөн Telegram-бот иштеп баштады


Telegram мессенжери
Telegram мессенжери

Адвокат Фатима Якупбаева жарандарга укуктук жактан жардам берген "Милдет" аттуу Telegram-бот иштеп чыкты.

Бул канал аркылуу зомбулукка учураган, алимент ала албай жүргөн же дагы башка юридикалык жардамга муктаж болгондор акысыз кеңеш ала алат. "Милдет" боту Европа Биримдиги жана БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен иштелип чыкты.

Якупбаеванын айтымында, Кыргызстанда укуктук багытта жардам көрсөткөн онлайн-кызматтар өнүккөн эмес.

"Юридикалык кеңешти алууга акча-каражаты жоктор үчүн өтө пайдалуу болот. Алар кыска убакытта, өзүнө керектүү маалыматты онлайн түрдө ала алышат".

Виртуалдык юрист салык, кардарлардын укугун коргоо, жеке ишкердикке байланыштуу суроолорго да жооп бере алат. Каалоочулар Telegram каналга жазыла алышат.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда ажырашкан аялдардын 92%и балдарына алимент ала алышпай сотко кайрылат. Эркектердин 8%и ажырашуу учурунда аялынан алимент талап кылат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG