Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:26

COVID-19: бир күндө дагы эки бейтап каза болду


Иллюстрациялык сүрөт. Бишкектеги ооруканалардын бири.
Иллюстрациялык сүрөт. Бишкектеги ооруканалардын бири.

Соңку бир суткада Кыргызстанда коронавирус 426 адамдан жаңы аныкталды. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары (314).

Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы эки бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 195 миңден ашты, 2851 бейтап каза болду.

Ушул күндөрү 1176 бейтап ооруканаларда, 6780 адам үйүндө дарыланууда.

Саламаттык сактоо министрлиги ай башында коронавирустун "омикрон" штаммы катталганын, өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталганын билдирген. Оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек "кызыл зонага" кирип, бир катар орто мектеп онлайн форматта окууга өттү.

Өлкөдө вируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алгандардын жалпы саны 1,3 миллионго чукулдады. Экинчи дозасын алгандар 1,1 миллионго жетти. Министрлик жашы 60тан өткөн адамдарды бустердик дозаны (вакцинанын 3-дозасы) алууга чакырууда.

Коронавируска каршы бустердик дозаны алуунун аралыгы төрт айга кыскартылган. Мурда бул аралык алты ай деп белгиленген. Үчүнчү доза менен эмдөө 2021-жылдын 20-декабрында башталган. (JsA)

XS
SM
MD
LG