Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:22

Казакстан: эки кыргыз жараны камакта


Алматынын борбордук көчөлөрүнүн бири, 19-январь, 2022-жыл.
Алматынын борбордук көчөлөрүнүн бири, 19-январь, 2022-жыл.

Казакстандын акыйкатчысы Элвира Азимова Январь калабасына байланыштуу учурда абактарда чет өлкөлүк 18 жаран кармалып турганын билдирди. Алардын ичинде экөө кыргызстандык экени белгилүү болду.

Казакстандагы кандуу Январь окуяларында кармалгандар кыйноого кабылып жатканы тууралуу маалыматтар соцтармактарда дагы деле кызуу талкууда. Кармалгандардын жакындары полиция "күнөөсүн мойнуна алдыруу үчүн" кармалгандарды сабап, денесине ысык үтүк басып, ток менен кыйнашканын айтышууда. Тергөө изоляторунда кармалгандардын тиштерин жулуп, тырмактарына ийне сайган окуялар да катталганы ачыкка чыкты.

Шейшембиде Казакстандын акыйкатчысы Элвира Азимова мамлекеттик телеканалга курган маегинде тергөө абактарында чет өлкөлүк жарандар бардыгына белгиледи.

"Учурда 18 чет элдик жаран тергөө изоляторунда отурат. Алардын 14ү Өзбекстандын, экөө Орусиянын, экөө Кыргызстандын жараны", - деди ал.

Элвира Азимова ошондой эле 6-январдан кийинки 48 саатта абактагыларга суу берилбей, тамак-аш тартыш болгонун айтты. Кандуу башаламандыкта убактылуу кармоочу жайларга камалгандардын саны көп болуп, бир топ көйгөй жаралганын жашырган жок.

Омбудсмен буга чейин "полициянын ырайымсыздыгына" арыздангандар көп болгонун, аларды Башкы прокуратурага жөнөтөрүн баса белгиледи.

Элвира Азимова.
Элвира Азимова.

Жарандык активисттер менен укук коргоочулардын катуу сынына кабылган Элвира Азимова мамлекеттик телеканалга берген маегинде жалпысынан 80 арыз түшкөнүн билдирди. Алардын жарымы “камактагы кыйноолор” боюнча дооматтар болсо, тергөө учурунда мыйзамсыз ыкмаларды колдонуу фактысы боюнча 191 кылмыш иши козголгонун айтты.

"Жабыркагандар жана ур-токмокко алуулар боюнча маалымат 8-январдан кийин көбөйдү. Учурда камактагылардын 55и оор жарадар, 8нин ар кандай сыныктары, 212синде гематома бар экени аныкталды. Азыр дарыланууда. Алар кармалганда дароо тез жардам көрсөтүлгөн эмес".

Омбудсмен белгилегендей, Алматы шаарында, Алматы жана Жамбыл облустарындагы абактагылардын арасында 16-17 жаштагы жашы жете элек өспүрүмдөр да бар. Бирок алардын саны тактала элек. Аларга "башаламандыктарды уюштуруу", "мамлекеттик имаратты басып алуу" жана "курал уурдоо" беренелери боюнча айып тагылган.

Ошондой эле Азимованын айтымында, Казакстан ратификациялаган Балдардын укуктары жөнүндө конвенциянын негизинде өспүрүмдөр эркиндикке чыкканын, бирок прокурордун иликтөөсү толук жүргүзүлбөгөндүктөн Таразда бир гана өспүрүм камакта отурганын түшүндүрдү.

Буга чейин Казакстандагы тергөө изоляторлорундагы адам чыдагыс кыйноолор тууралуу маалымат байма-бай жарыяланды. Январдын ортосунда Алматы шаарындагы СИЗОго барган казак акыйкатчысы “милициянын ырайымсыздыгы” боюнча арыздар Башкы прокуратурага жана Ички иштер министрлигине жолдонорун билдирген.

Азимова СИЗОдо жана убактылуу кармоочу жайларда кармалгандарды “террорист” деп атоо туура эмес экенин, аларды тынчтык митингине катышкандардан бөлүп кароо керектигин баса белгиледи.

"Террористтик топ" деген сөздү 6-январда президент Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынында айткан. Ал өлкөдө болгон окуяларды "сырткы агрессия" деп атап, аларды "чет жакта олуттуу даярдыктан өткөн террордук топтор" уюштуруп жатканын белгилеген.

Дүйшөмбү күнү Казакстандын Ички иштер министрлигинин Тергөө департаментинин башчысы Санжар Адилов Январь окуялары боюнча 107 иштин айыптоо корутундусу чыгып, 52 адам соттолгонун кабарлады. 39 киши эркинен ажыратылса, 13 адам камакка алынган. Мындан сырткары ушул эле иштердин алкагында сот 34 айыпталуучунун бөгөт чарасын карап жатат.

Адилов кабарлагандай, алар иликтеген иш боюнча 469 киши камакка алынган. Мунун ичинен “террорчулук” үчүн 46 иш, “жапырт башаламандык” менен 45 иш тергелүүдө.

Аскат Азарбеков.
Аскат Азарбеков.

11-февралда Кыргызстандын Акыйкатчысынын аппарат башчысы Аскат Азарбеков Казакстанда Январь окуяларына байланыштуу кармалган кыргыз жарандары Чолпонбек Сыдыков жана Викрам Рузахуновдун кыйноого кабылганы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирген.

Кыргыз жараны Талгат Темиркан уулу коңшу Казакстандын Тараз шаарында убактылуу кармоочу жайда камакта. Январдагы окуяларга катышкан деген шек менен аны казак полициясы кармап, кайра бошоткон. Бирок 28-январда Казакстандын Кылмыш кодексинин "жапырт тополоңго катышы бар" деген 272-беренеси менен кайра камакка алынган.

Ал эми Казакстанга барып-келип иштеп жүргөн Чолпонбек Сыдыков Алматыдан Бишкекке кайтып келатканда 8-январда кармалган. Эки буту жана кабыргалары сынган, мээси чайкалган абалда ал январдын соңунда Бишкекке жеткирилип, дароо ооруканага жаткырылган.

Белгилүү музыкант, пианист Викрам Рузахунов да ошол күндөрү кармалып, эки күндөн кийин кыргыз бийлигинин кийлигишүүсүнөн соң Бишкекке жеткирилген. Кийин ал да ооруканада операция болгон. Рузахунов казак күч кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын айтып чыккан жана кабыргалары сынып, бир кабыргасы өпкөсүнө кирип кеткенин, мээси чайкалганын билдирген.

Январдын башында Казакстандын бир катар шаарларында өкмөткө каршы нааразылык акциялары өтүп, натыйжада миңдеген адамдар камакка алынган, 200дөн ашуун адам каза болгон. Курман болгондордун экөө кыргызстандык экени расмий айтылган. Кармалган он чакты кыргыз жараны көп өтпөй коё берилген. Алардын айрымдары аёсуз токмоктолгону да ачыкка чыккан.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG