Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:47

Токаев тополоңдон кийин бийлигин чыңдады


Касым-Жомарт Токаев, Казакстандын президенти.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстандын президенти.

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев кандуу январда режимге катуу коркунуч жараткан элдик толкундоолордон кийин бийлигин чыңдаганы айтылууда.

Бирок анын Назарбаев кланы менен келишип, бийлигин сактап калуу далалаты аны эл көзүнө жаманатты кылышы ыктымал экени белгиленди.

Касым-Жомарт Токаев 2019-жылы Казакстандын президенттигине келгенден бери көпчүлүк аны номиналдуу мамлекет башчысы болуп, иш жүзүндө мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин башкаруусу уланып жатканы сөз болгон.

Токаев кутумчулар ким экенин атай элек

Бирок кадимки нааразылык акциялары 5-6-январда Алматыда башаламандыкка айланып, Назарбаевдин кланы Токаевдин бийлигин кулатууну көздөгөн деген жоромолдор чыкты. Анын алдында башаламандыктарды басуу үчүн күч колдонулду.

Абал турукташканда Токаев Назарбаевдин жакындарын жапырт кызматынан алды. Касым-Жомарт Токаев калкка кайрылуусунда кутум тууралуу айткан:

"Бул каржылык жактан шыктанган кутумчулар кылдат ойлонгон иш-аракетинин планын айгинелейт. Дал кутумчулардын. Ошондуктан, мамлекет башчысы жана мындан ары Коопсуздук кеңешинин төрагасы катары мүмкүн болушунча катаал чараларды көрөм. Бул мамлекетибиздин тарыхындагы өтө оор барак. Бул кандайча, эмне үчүн болгонун алдыда изилдей турган көп иштер бар. Бирок азыр эң негизгиси, өлкөбүздү, жарандарыбызды коргошубуз керек", - деген Касым-Жомарт Токаев.

Бирок анын кутумчулар дегени бийликке нааразы жарандарбы же Назарбаевдин кланыбы, бул иш боюнча териштирүү болобу же жокпу, азыркыга чейин белгисиз.

"Кутум жана кан төгүү өлкөдөн качкандардын абийиринде"

Бозгунда жүргөн экс-премьер-министр Акежан Кожагелдин чын эле президентке каршы кутум болгонун айтып, Токаев көшөгө артындагы көмүскө “оюндардын” бетин ачууга тийиш деди.

"Бул Токаевге каршы кутум болгон. Токаев иликтөөнү объективдүү, мүмкүн болушунча ачык жүргүзөт деген үмүттөбүз. Бардык күч органдарынын жетекчилери суракка алынарына ишенем. Эмне үчүн Алматыда талап-тоноого жана зомбулукка жол берилди? Эмне үчүн комендант өзгөчө абал тууралуу жарлыкты аткарган жок? Кантип УКК имараты талкаланып, курал-жарак белгисиз бирөөлөрдүн колуна түшүп калды? Суроолор аябай көп. Бул окуялар Назарбаев доорунун эң ыплас, эң кайгылуу жана эң кандуу соңу болду. Мунун артында тургандардын аты аталууга тийиш. Соңку эки күндө Казакстандан чет өлкөлөргө 27 жеке менчик учак учуп кеткен. Кимдердин үй-бүлөлөрү кеткенин санагыла. Ошондо өлкөдөгү зомбулукка кимдер кызыкдар болгонун түшүнөсүңөр", - деди Акежан Кожагелдин.

Казакстандын батышында 2-январда газдын кымбатташына каршы башталган митингдер өлкөнүн бир топ район-шаарларына жайылып, Алматыдагы зомбулук, талап-тоноо жана канды булоон менен аяктады. Бийликке каршы тынчтык митингдерди айрым шаарларда белгисиз куралдуу топтор басканы айтылды.

Бийлик өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялап, коменданттык саат киргизүү аркылуу алгач тынч башталып, кийин башаламандыкка айланган нааразылык акцияларга жооп берди.

Казакстандын бир катар аймактарында 5-6-январда ок атышуу болуп, Алматыда административдик имараттар өрттөлүп, дүкөндөр тонолгон. Казакстандагы бул окуялар «Кандуу январь» деп аталды.

Президент ошол эле күнү өкмөттүн отставкасын кабыл алганын жарыялады. Касым-Жомарт Токаев калкка кайрылуусунда күч түзүмдөрүнө эскертүүсүз ок атууга буйрук берди.

Калабада кайтыш болгондор. Эки президент эрегишпейт

Ошол күнү кеч Алматыда 73 жаштагы Куат Биткенбаев менен анын 64 жаштагы жубайы Гүлзифа Кулсултанова октон каза тапкан. Алар үйгө кайткан маалда коменданттык саат күчүнө кирип, автоунаасына ок атылып, анан өрттөлгөнү кийин белгилүү болду. Жубайлардын трагедиялуу өлүмү ошол кездеги көптөгөн учурлардын бири эле. Мындай жагдай антитеррористтик операция кимдерге каршы багытталган деген суроо жаратты.

Ошондуктан Алматыдагы эксперт Рустам Бурнашев эки президенттин ортосундагы айыгышкан күрөш дегенге кошулбайт.

"Бизде Казакстанда жана жеке менин көз карашым башкача. Мен «эки президент айыгышып, кармашууда» деген сөздү колдонбойт элем. Чынында, Токаев менен Назарбаев бир командада. Токаев дайыма Назарбаевдин ишенимдүү адамы болгон. Ошондуктан алардын ортосунда кандайдыр бир күрөш жүрүп жатат деп айтуу кыйын. Балким, кайсы бир активдер же кандайдыр бир аракеттер боюнча гана сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деп болжолдоого болот", - деди Рустам Бурнашев.

Бийлик башаламандыктар маалында 227 адам, анын ичинде Алматыда 149 жайкын тургун набыт болгонун жарыялаган. Анын арасында күч түзүмдөрүнүн 11 кызматкери да бар. Тополоңдон кийин 10 миңден ашуун адам кармалып, жети жүздөн ашууну дагы эле камакта экени кабарланууда. Тергөө абагындагылар токмоктолгону айтылды.

"Террорчуларды" издеп, тер төккөн бийлик

Ошондой эле полиция ОМОН менен ооруканаларга келип, палатада жаткандарды кылмышка шек санап, кээде жаңы эле операция болгон кишилерди кармап, алып кеткени тууралуу маалыматтар чыкты.

Президент Касым-Жомарт Токаев 7-январдагы калкка кайрылуусунда зомбулукка чет өлкөдө машыгып келген 20 миңдей “террорчу” түрткү болгонун айткан. Ал ошол маалда өлкөнү террордук коркунучтун “кызыл чегинде” деп жарыялады. Бийлик кармалган 500 кишиге террорчулук боюнча иш козголгонун билдирди.

Көптөгөн митингчилер “террорчу” деген айып тагылганына жакындары нааразы болуп, акцияларды өткөрүштү.

Президент Токаевдин Орусия жетектеген Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна жардам сурап кайрылганынын расмий себеби да “террордук” коркунуч болду. Бул саясий-аскердик уюм тарыхта биринчи жолу 3000ге чукул аскерин ага мүчө болгон Казакстанга киргизип, бирок бир жумадан кийин кайра чыгарды.

Айрым талдоочулар Назарбаев кланы менен бийлик талашта президент Токаевди колдоо үчүн ЖККУ күчтөрү Казакстанга киргизилди деп эсептешет.

Бирок экс-президент Нурсултан Назарбаев 18-январдагы видео кайрылуусунда элитанын ичинде чатак жоктугун айтып, өзүн эч нерсеге эбак аралашпай калган “пенсионер” деп атаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG