Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:49

Назарбаев нааразылыктар “атайын уюштурулганын” билдирди, Токаев менен тирешкенин төгүндөдү


 Нурсултан Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев.

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев январдын башындагы тополоң менен коштолгон нааразылыктар тууралуу кайрылуу жасады. Анын видео билдирүүсү Элбасынын басма сөз кызматынын YouTube каналында 18-январда жарыяланды.

Назарбаев соңку окуяны “атайын уюштурулган башаламандыктар жана чабуулдар” деп атап, ал өлкөнүн бүтүндүгүнө шек кетиргенин билдирди.

“Болуп өткөн трагедия баарыбызга сабак болду. Талап-тоноолорду жана киши өлтүрүүлөрдү ким уюштурганын аныкташ керек. Ага тергөө жооп табат”,- деген Назарбаев каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Ал азыркы президент Касым-Жомарт Токаев менен келишпестик болгонун төгүндөдү.

“Менин дарегиме карата көптөгөн кайрылууларга жана жалпыга маалымдоо каражаттарында чыгып жаткан кабарларга жооп берип жатып, мен 2019-жылы ыйгарым укуктарды президент Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп бергенимди кабарлайм. Ошондон бери мен пенсионермин, учурда Казакстандын борборунда эс алуудамын жана эч жакка кеткен жокмун. Президент Касым-Жомарт Токаев толук түрдө бийликке ээ. Ал Коопсуздук кеңешинин да төрагасы. Президент жакын арада “Нур Отан” партиясынын төрагалыгына да шайланат. Ошондуктан элитанын ичинде эч кандай тирешүү жана карама-каршылык жок. Бул темадагы ушактар негизсиз”.

Мурдагы президент ошондой эле Касым-Жомарт Токаев жаңы саясий программаларды жарыялаганын кубаттап, жалпы элди аны колдоого чакырды.

Казакстандагы нааразылык толкуну 2-январда Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер менен башталган. Кийин саясий өңүт алган акциялар Алматы шаарында ири башаламандык менен коштолгон.

Тополоңдо жалпы 225 адам өлгөнү аныкталды. 10 миңдей адам кармалганы кабарланган, 700дөй кылмыш иши козголду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG