Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:06

Шавкат Мирзиёев түркмөн президентинин уулун кабыл алды


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Сердар Бердымухамедовду кабыл алуу учуру. 17-январь, 2022-жыл.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Сердар Бердымухамедовду кабыл алуу учуру. 17-январь, 2022-жыл.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 17-январда Ташкентке иш сапары менен келген Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Сердар Бердымухамедовду кабыл алды. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин сайты кабарлады.

“Жогорку мартабалуу конок кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун саламын айтты жана түркмөн лидеринин жазуу түрүндөгү каалоо-тилектерин тапшырды”, - деп айтылат ал маалыматта.

Сердар Бердымухамедов Түркмөнстандын авторитардык президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун жалгыз уулу. 2021-жылдын башынан бери вице-премьерлик кызматта иштеп жатат.

Кенже Бердымухамедовдун карьералык секириги аны атасы мураскер катары даярдап жатат деген жоромолдорду жаратып келет. Бул жолу аны коңшу мамлекеттердин президенттери менен жолуктуруп, жогорку кызматка даярдап жатат деп кабылданууда. Сердар Бердымухамедов мындан ары Тажикстанга жана Кыргызстанга барат деп күтүлүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG