Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Улуу Британия Украинага курал жөнөтөрүн маалымдады


Украинанын куралдуу күчтөрү. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинанын куралдуу күчтөрү. Иллюстрациялык сүрөт.

Британиянын коргоо министри Бен Уоллес Украинага колдоо катары Лондон коргонуу боюнча жаңы система жөнөтөрүн маалымдады. 17-январда парламенттеги билдирүүсүндө ал курал Орусияга каршы багытталбай турганын, коргонуу үчүн колдонуларын кошумчалады.

Бен Уоллес кризис боюнча сүйлөшүү үчүн жакынкы апталарда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгуну Лондонго чакыра турганын да айтып өттү.

Ал арада Украинага келген АКШнын делегациясынын башчысы, сенатор Ричард Блюменталь Вашингтон да Украинага коргонуу үчүн курал берерин кабарлады. Мунун алдында Германиянын Тышкы иштер министрлиги Орусияны дипломатияга чакырып, эскертүү жолдогон.

АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30дай мамлекет мүчө болгон НАТОго Украинаны кошуу маселеси былтыр жайда каралган. Көп өтпөй, 2021-жылдын күз айларында Батыштын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары чалгынга таянуу менен Украинанын чек арасына жакын Орусиянын аскерлери топтолгонун жазышкан.

АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыпташкан. Орусия АКШ менен НАТОдон коопсуздук кепилдигин талап кылып, Украина менен чек арага жакын жерде 100 миңдей аскери машыгуу үчүн топтолгонун айткан.

Бул маселеге байланыштуу өткөн аптада Орусия менен Батыш мамлекеттеринин өкүлдөрү Женевада, Брюсселде жана Венада жолугушуу өткөргөн. Ага карабай Орусия Батыштан Украинанын НАТОго кабыл алуудан баш тартуусун талап кылган позициясынан кайткан эмес.

Батыш тарап муну “тапанчаны башка такап, шарт койгондой” кабыл алып, “Украина эгемен өлкө экенин, ал каалаган уюмга кирүүгө укугу бар экенин” билдирип келет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG